Айкѳл Манас жана Чыӊгыз Айтматов – кыргыз элинин кош тиреги

“Айкѳл Манас жана Чыӊгыз Айтматов – кыргыз элинин кош тиреги” аттуу илимий-тажрыйбалык  конференция депутаттардын Талас шаардык кеӊеши тарабынан демилгеленип, Талас мэриясы жана Талас мамлекеттик университети менен биргеликте ѳткѳрүлдү. Алгач Ч.Айтматовдун айкелине гүлчамбарлар коюлуп, эскерүү аземи болду. Андан кийин конференциянын ачылуу аземинде депутаттардын Талас шаардык кенешинин тѳрагасы М.И.Эсенкулов, ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов конференциянын маани-маӊызы жѳнүндѳ сѳз сүйлѳштү. Куттуктоо сѳзүн  КР Өкмѳтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн орун басары  К.Б.Осмонбеков, Талас шаарынын мэри А.Ж.Джузупбеков  айтышып, анын жүрүшүнѳ ийгилик каалашты. Жыйындын пленардык бѳлүгүндѳ белгилүү жазуучу-публицист,ф.и.д, профессор С.О.Байгазиев, доцент М.М.Калманбетов, ф.и.д С.С.Жумалиев,доцент Ж.К.Абдиева, доцент М.М.Жусуповалар мазмундуу баяндамаларын жасашты.Резолюциядан кийин Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата жарыяланган сынактын  жеӊүүчүлѳрүнѳ сыйлыктар тапшырылып,”Манас” эпосунан жана Ч.Айтматовдун чыгармаларынан сахналык кѳрүнүштѳр аткарылып, обондуу ырлар жаӊырып , “Манас” айтылып, “Манас”гимни менен жыйынтыкталды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*