
Талас мамлекеттик университети Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын арасынан “транспорттук техника жана технология» багыты боюнча адистерди даярдоодо институционалдык рейтингде 3-орунга татыды. Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын институционалдык рейтингин чыгаруу боюнча 18-майда НААР тарабынан Бишкек шаарында өткөрүлгөн эл аралык форумда университеттерге атайын сертификаттар салтанаттуу түрдө тапшырылды. Талас мамлекеттик университетинде мындан ары адистерди даярдоо багыты боюнча деңгээлдик көрсөткүчтөрүн жогорулатуу боюнча иштер улантылып, ага айрыкча басым жасаларын окуу жайдын ректору А.Ш.Упенов кичи кеңеште баса белгиледи.
Leave a Reply