“Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн! – III” достук фестивалы

2016-жылы “Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” деп аталган достук фестивалы 23-24-июнь күндөрү Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда болуп өттү. Фестиваль Ош мамлекеттик университетинин демилгеси менен ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө багытталып түзүлгөн “Ош декларациясынын” III отуруму болуп эсептелет. Максаты – өлкөнүн жети облусундагы жогорку окуу жайларынын өз ара ички өнөктөштүк байланыштарын жакшыртуу, Кыргызстандын билимдүү жана бирдиктүү жаштарын тарбиялоого салымын кошуу. Аталган фестивалга КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен, Ош шаардык мэриясынан жана декларацияга кирген Талас, Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош мамлекеттик университеттеринин жана Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректорлору, проректорлору, окутуучулары, таланттуу студенттери катышты.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков декларациясынын алкагында аты аталган жогорку жайларынын студенттери билим берүү мейкиндигинде бири-бири менен тыгыз аралашып жаткандыгын, алмашып билим алуу процессинин натыйжасында университеттерден мыкты тажрыйбаларды алышып, аларды өз окуу жайларында жайылтып жатышы эң жакшы ийгиликтердин жаралышына өбөлгө түзүп жатканын баса белгилеп өттү.
Фестивалда студенттердин чыгармачылык деңгээли жылдан-жылга көтөрүлүп жатканы байкалып, жаңы көркөм ойлорун, идеяларын, жетишкендиктерин жогорку чеберчилик менен аткарып жатышты. ТалМУнун таланттуу студенттери дагы фестивалдын жобосуна ылайык өз өнөрлөрүн мыкты деңгээлде көрсөтүшүп, ОГПИнин ардак грамотасы жана 10 000 сом акчалай сыйлыгы менен сыйланды. Ошондой эле студенттербиз дүйнө бийи, заманбап эстрадалык ыр, театр өнөрү жана элдик ыр жанрлары боюнча дипломант болушту.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*