ЖОЖдор арасындагы “Достук” фестивалы ТалМУда 13-14-15-июнь күндөрү болуп өттү

ЖОЖдор арасындагы “Достук” фестивалы.
Кыргызстандын ЖОЖдору арасында Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата “Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” аттуу студенттердин IV “Достук” фестивалы ТалМУда 13-14-15-июнь күндөрү болуп өттү. Фестивалга 9 жогорку окуу жайы – ОшМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, ЖаМУ, ОГПИ, К.Тыныстанов атындагы ЫМУ, С.Нааматов атындагы НМУ, БатМУ, Кыргыз-Өзбек университети жана ТалМУ катышты. Мындан сырткары Германиянын Мерсебург университети менен Кыргызстандын шериктештикке кирген 9 ЖОЖунун ортосунда кызматташуу боюча келишим түзүлдү. Бүгүнкү күндө “Ош декларациясына” кирген жогорку окуу жайлардын 500дөн ашуун студенти ички мобилдүүлүк программасы боюнча билим алышты жана азыркы учурда да алышууда. ТалМУдагы “Достук” фестивалында аты аталган ЖОЖдордун таланттуу студенттери 8 жанр боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашып, жогорку чеберчиликти көрсөтүштү. Ал эми 15-июнда фестивалдын гала-концерти К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында коюлуп, лауреаттарга дипломдор менен белектер, командаларга Ардак грамоталар менен акчалай сыйлыктар салтанаттуу тапшырылды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*