Казакстандын У.А.Джолдасбаков университети менен кызматташтык келишими түзүлдү

ТалМУ Казакстандын У.А.Джолдасбаков атындагы Экономика жана укук академиясы менен кызматташтык келишимин түздү. Казакстан Республикасынын Талдыкоргон шаарында жайгашкан бул жогорку окуу жайынын стратегиялык өнүгүү, илим жана эл аралык байланыштары боюнча проректору, профессор Е.Н.Ракимбаев Талас мамлекеттик университетине атайын иш сапары менен келип, билим-илим жана сырткы байланыштар жаатында кызматташуу боюнча келишимди окуу жайдын ректору А.Ш.Упенов менен түздү. Ошондой эле Кыргыз-орус социалдык технологиялар академиясынын (КОСТА) академиги наамын жана аны тастыктаган атайын күбөлүгүн ТалМУнун ректору А.Ш.Упеновго жана педагогика кафедрасынын башчысы А.Ж.Ажибаевага салтанаттуу тапшырды. Бул чоң наам ушул академия үчүн синирген көп жылдык эмгеги үчүн ыйгарылганын баса белгилеп, илимий-изилдөө жаатындагы мындан аркы кызматташууларга ийгилик каалады.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*