Канат Аманович Кеңешбековдун 60 жылдык элесине арналган “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” аттуу эскерүү кечеси болуп өттү

ТалМУда Кыргызстан менен Германиянын эл аралык мамилелерин алгач изилдөөгө алган тарыхчы-окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Канат Аманович Кеңешбековдун 60 жылдык элесине арналган “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” аттуу эскерүү кечеси болуп өттү. Кечени ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов ачып, Канат Амановичтин университеттин өнүгүүсүнө кошкон салымын баса белгилеп кетти. Атайын арналып даярдалган видео-тасма көрсөтүлүп, т.и.к., доцент Р.Т.Конокбаев тарабынан агайдын өмүрү, илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасалды. Үй-бүлөсүнүн атынан жубайы Г.Б.Кудабаева, облустук тарыхчы-мугалимдердин атынан А.Р.Атагулов, классташтарынын атынан А.Ашыралиев, Р.Эдигеева, ТалМУнун профессордук-окутуучулар жамаатынын атынан окуу жана илимий иштер боюнча проректор, техн.и.к., доцент М.М.Тургунбаев, мамлекеттик тил боюнча проректор, ф.и.д., проф. С.С.Жумалиев, гуманитардык факультеттин деканы, т.и.к., доцент Ж.К.Абдиева, филос.ил.канд., доцент М М.Калманбетов, табият таануу жана педагогика факультетинин деканы, б.и.к., доцент У.Ж.Мырзабекова, технология-экономика факультетинин деканы, п.и.к., доцент А.О.Курманалиева, э.и.к., доцент А.Б.Барпыбеков, колледждин директору, п.и.д., проф. А.Ж.Ажибаева, окутуучу А.Э.Сейдакматова, ф.и.к., доцент Т.К.Айталиева жана шакирттеринин атынан тарых илимдеринин кандидаттары – М.М.Жусупова, Э.К.Кулова, А.С.Усубалиева, О.П.Шатилов жана ага окутуучу Т. К.Көкөев сөз сүйлөшүп, илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн, адамдык мыкты сапаттарын эскеришти. Соңунда университеттин көркөм-маданий борборунун жетекчиси У.О.Эсенаманов Канат Амановичтин 60 жылдык мааракесине карата ишмердүүлүгүн даңазалай төгүп ырдады.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*