Талас мамлекеттик университетинин кыргыз-түрк факультетин ачуу максатында Кастамону университетине болгон иш-сапарыбыздын алкагында 26-декабрда эки тараптуу келишимге кол коюлду. Келишимге ылайык, Кастамону университети Талас мамлекеттик университетинин базасында талапка жараша бөлүмдөрдү ачат. Факультеттеги билим берүү төрт жылдык бакалавр системасы боюнча түзүлөт. Болочок студенттер Кыргызстандын жана Түркиянын дипломдорун алышат.
Leave a Reply