Майыптардын эл аралык күнү-дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 3-декабрда белгиленет

Майыптардын эл аралык күнү-дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 3-декабрда белгиленет. Азыркы учурда майыптардын укуктарын коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө алга жылдыруу, ошондой эле майыптардын көйгөйлөрүнө кеңири коомчулуктун көңүлүн буруу манилүү деп эсептейбиз .Бугун Технология-экономикалык факультетинин «Экономика жана менеджмент» кафедрасынан Дуйшебаева М.К.,Мамадалиев Э.Ж.,Сонколова З.Б.,Арыкбаева Э.М., студенттик парламенттик төрагасы Аалиев Адилет жана ЭУП-18,БУА-18 тобунун студенттери менен биргеликте Талас облусунун Талас районунун Көк Ой айылындагы “Бекнур” балдарды реабилитациялоодогу күндүзгү борборуна тамак-аш, күнүмдүк жашоого керектүү майда буюм-тайымдарды жардам катары алып барып беришти.Азыркы убакта “Бекнур” балдарды реабилитациялоо күндүзгү борборунун жетекчиси Жоробекова Э.А нын алдында 7 киши иштейт. Аталган “Бекнур” балдарды реабилитациялоо күндүзгү борборунун жетекчиси борборду каржылоо бейөкмөт уюмдар,демөөрчүлөр, жеке ишкерлер жана ата энелердин жардамы менен ишке ашырылат экенин айтты.Азыркы убакта бул борбордо жалпысынан 192 бала катталып жана алардын ичинен күнүгө борборго келип турган 20дай бала бар деп маалымдады. Ошондой эле Технология-экономикалык факультетинин профессордук окутуучулар жааматы жана студенттери GIZ тарабынан каржыланган “WEB-разработчик ” долбоордун алкагында кыска мөөнөттүү курста окуп жаткан, ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандарыбызды да куттуктап белек тапшырышты.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*