Мыкты тайпа аныкталды

ТалМУнун 2017-2018-окуу жылындагы “мыкты тайпасы” менен “мыкты куратору” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. “Мыкты тайпа” болуп таанылган БСХ-14 тайпасына Ысык-Көлгө жолдомо жана ардак грамота, “мыкты куратор” наамына татыган Алыбаева Надирага Ысык-Көлгө жолдомо жана ардак грамота салтанаттуу тапшырылды. Ошондой эле “мыкты тайпа” сынагында 2-орунду алган М-15 тайпасына жана 3-орунду алган КАС-17 тайпасына ардак грамоталар менен акчалай сыйлыктар, “мыкты куратор” сынагында 2-орунду алган Шайланова
Майрашка жана 3-орунга татыган Сатаева Ларисага ардак грамоталар акчалай сыйлыгы менен сыйланды. Сыйлыктарды тапшырып жатып, университеттин ректору А.Ш.Упенов сыйлык ээлерин куттуктоо менен, бул конкурс студенттердин активдүүлүгүн күчөтүү максатында эки жылдан бери уюшулуп келатканын жана дагы улантыларына токтолду.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*