Намыс стипендиясынын жеңүүчүсү

24-март күнү Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында Прогрессивдүү  Демилгелер Фондунун «Намыс» стипендиясынын жеңүүчүлөрүнө фонддун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков диплом жана биринчи айдын стипендиясын тапшырды.

«Намыс»  стипендиясы фонддун негиздөөчүсү Аскар Салымбековдун деилгеси менен, өлкөбүздүн жогорку окуу жайларында окуп жаткан жөндөмдүү жана аракетчил студенттердин интеллектуалдык жана чыгармачылык  потенциялдарын арттыруу жана алардын окуу ишмердигинин жакшырышына түрткү берүү  максатында киргизилген.

2017-жылына каралган стипендияга татыктуу деп көпчүлүк тандоо критерийлерине төп келген жети аймактан 35 мыкты студент тандалып алынып, аларга 9 ай бою 2000 сомдон стипендия берүү каралган. Стипендия алуучулардын аттары мамлекеттеги илимий ишмерлердин катарында «Акыл Тирек» китебине киргизилди.

Бул стипендияга ТалМУнун география адистигинин  Г-1-14 тайпасынын студенти Жекшенбеков Арслан ээ болду.

 

Прокрутить вверх