“Сармерден – 2018”

Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине жана  III дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата кыргыз элинин маданиятын кеңири даназалоо максатында жана Нооруз майрамына карата  ТалМУнун студенттери арасында үч жылдан бери салтка айланган “Сармерден-2018” кыз-жигиттер таймашы болуп өттү. Сармердендин жобосуна ылайык акындык айтыш, “Манас” эпосунан айтуу, кыргыз элдик ырларын улуттук аспаптардын коштоосунда аткаруу, макал-лакап, табышмак, жаңылмач айтуу, эстрадалык ырлардын биринен аткаруу, кыргыз бийлеринен бийлөө шарттары берилген. Бардык командалар бул шарттарды жогорку чеберчиликте аткарышып, студенттердин шарт боюнча өнөрлөрдү аткаруучулугу, чыгармачылык жөндөмдөрү мыкты деңгээлде болду. Быйылкы жылкы сармерден конкурсунун форматы өзгөрүп, упайлардын жыйынтыгы боюнча орундар ыйгарылды. Натыйжада кесиптик орто билим берүү бөлүмү 1-орунду, табият таануу жана педагогика факультети 2-орунду жана гуманитардык факультети 3-орунду алышты. Университеттин ректору А.Ш.Упенов тарабынан командаларга ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар салтанаттуу тапшырылып, калыстар курамына ыраазычылык билдирилди. Быйылкы сармерденге К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Суранчиев Мухамбеткалый, А.Токтогулов атындагы Талас облусттук китепкананын башкы адиси Турсалиева Айгүл, облустук “Талас турмушу” газетасынын кабарчысы Эсенбек кызы Замира калыстык кылышты.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*