“Сократты эскерүү түнү”

26-апрелде Талас мамлекеттик университетинин көркөм-маданий борборунун адабий-театралдык ийриминде катышкан студенттери тарабынан Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата”Сократты эскерүү түнү” драмасы боюнча спектакль коюлду. Койгон режиссеру Усейин Эсенаманов, үн режиссеру Замир Иманалиев. КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Динара Дүйшекеева, К.Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма театрынын директору Кубан Эстебесов жана университеттин окутуучулары, студенттери катышты. Спектаклдин жогорку денгээлде коюлганы тууралуу коноктор тарабынан жылуу ой-пикирлер, каалоолор айтылып, ролдордо аткарышкан студенттерге ТалМУнун мактоо баракчалары тапшырылды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*