24-октябрда Талас мамлекеттик университетинин алдындагы кѳркѳм-маданий борбордун таланттуу студенттери К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында Ч.Айтматов менен М.Шахановдун “Сократты эскеруу түнү” драмасын сахнага коюшту. Режиссеру маданияттын мыкты кызматкери Эсенаманов Усейин, музыкасын койгон Иманалиев Замир. Чоӊ сахнада студенттер зор чеберчилик менен каармандардын ролун аткарышып, кѳрүүчүлѳрдүн оӊ баасына татыктуу болушту. Роль жараткан студенттерге ТалМУнун ректору тарабынан ыраазычылык иретинде гулдестелер сунулду.
Leave a Reply