Талас мамлекеттик ун верситетинин табият таануу жана педагогика факультети окутуучулар жана студенттери менен бирге Талас районунда жайгашкан мектеп- интернатка 3 декабрь эл аралык майыптар күнүндө ар кандай белектер менен барып келишти. Окуучуларга майрамдык маанай түзүп, алар менен кошо ырдап, бийлеп, оюн уюштурушту. Бул факультеттин студенттик парламент тарабынан мындай иш чара бир жылда бир нече болуусун салтка айландырышкан. Интернаттын кичинекей тарбиялануучулары бактылуу болушуна чын журоктон тилектешмин
Leave a Reply