ТалМУда брейн-ринг интеллектуалдык таймашы болуп өттү

ТалМУда брейн-ринг интеллектуалдык таймашы болуп, ага 4 команда катышты. Оюн төрт деңгээлден: акыл чабуулу, билерман (блиц), капитандар таймашы, викторинадан туруп, командалардын жооптору калыстардын упайлары менен бааланды. Оюндун жыйынтыгында “Мурас” командасы 1-орунга, “ТЭФ” командасы 2-орунга, “Ынтымак” командасы 3-орунга ээ болушту. Жеңүүчү командага “ТалМУнун өтмө кубогу” жана 1-даражадагы диплому, калган командаларга дипломдор ыйгарылды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*