ТалМУда ден соолук күнү өткөрүлдү

ТалМУда ден соолук күнү өткөрүлдү. Университеттин окутуучулары, студенттеринин арасында женил атлетика оюндары боюнча кызуу таймаш жүрдү. Командалар 100, 200, 400, 800, 1000, 1500 метрге чуркоо, эстафета, аркан тартыш жана гиря көтөрүү боюнча ат салышып, спорттун түрлөрү боюнча жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланышты. Командалык эсеп боюнча окутуучулар арасында 1-орунду КОБББ, 2-орунду ТТПФ, 3-орунду ГФ жеңип алса, студенттер арасында 1-орунду КОБББ, 2-орунду ТТПФ, 3-орунду ГФ командалары жеңип алышып, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов университеттин окутуучулары менен студенттеринин ден соолугун чыңдоо максатында окуу жайда дайыма спорттук оюндар уюштурулуп келе жатканын белгилөө менен, жеңүүчүлөрдү сыйлыктарды татыктуу жеңип алышы менен куттуктады. Ден соолук күнүң тиешелүү деңгээлде өткөрүлүшүнө салымын кошушкан ТалМУнун кесиптик кошууну менен дене тарбия окутуучуларына жана технология-экономика факультетине ыраазычылыктар айтылды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*