ТалМУда Жаштар борбору ачылды

Бүгүн ТалМУда Жаштар борбору ачылды. Аталган борбор MIND долбоорунун алкагында ишке ашып, башкаруу-инновация-өнүктүрүү боюнча жаштардын активдүүлүгүн күчөтүү максатын көздөйт. ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов билим берүүнүн заманбап талаптарына ылайык бүтүрүүчүлөр көп түрдүү компетенцияларга ээ болушу зарыл экенин, ал үчүн ар бир студент чет тилинде да мыкты сүйлөп, стартап проекттерге активдүү катышуусу керек экенин баса белгиледи. Долбоордун координатору А.Т.Нуралиева аталган проекттин негизинде аткарылган иштер тууралуу презентация жасап, анын негизги максат-милдеттерин белгиледи. Келген коноктор борбордун ишине ак жол каалашып, ийгилик каалашты. Студенттердин атынан студпарламенттин төрагасы М.Токтобеков, президенттик стипендиант А.Жекшенбеков сөз сүйлөшүп, университеттин студенттери үчүн мүмкүнчүлүктөр дагы кенейгенин айтып өтүштү.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*