ТалМУда илим күнүнѳ карата майрамдык иш-чара болду

ТалМУда илим күнүнѳ карата майрамдык иш-чара болуп, илим жаатында ийгиликтерге жетишкен университеттин окумуштууларына ардак грамоталарды окуу жайдын ректору А.Ш.Упенов салтанаттуу тапшырды. Жогорку окуу жайда бүгүнкү  күндѳ 4 илимдин доктору, 37 илимдин кандидаттары эмгектенип, алар илимий эмгектерин чет ѳлкѳлѳргѳ чейин жарыялап жатышканын баса белгиледи окуу жана илимий иштер боюнча проректор М.С.Тургунбаев. Ал эми педагогика илимдеринин доктору Ш.Ж.Курманкулов университеттеги илим изилдѳѳ долбоорлору тууралуу айтып, ѳзүнүн илимий долбоорунун аткарылышы боюнча кызыктуу баяндама жасады. Ошондой эле окуу жайдагы жаш окумуштуулар ассосиациясы тарабынан жүргүзүлгѳн иштерди анын торайымы  Ж.Омурканова маалымдап ѳттү. Андан соӊ жаш окутуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*