ТалМУда илим күнү белгиленди

ТалМУда илим күнү белгиленди. Университеттин окумуштууларынын илимий эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулуп, ишке ашырылып жаткан илимий долбоорлор, изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар көрсөтүлдү. Ректор А.Ш.Упенов окуу жайдагы илимий ишмердүүлүккө токтолуп, учурда 5 илимдин доктору, 35 илимдин кандидаты эмгектенип жатканын, бир катар илимий долбоорлор ишке ашырылып жатканын баса белгилеп, илимге салым кошкон окумуштууларга сыйлыктарды тапшырды. Окуу жана илимий иштер боюнча проректор, т.и.к., доцент М.С.Тургунбаев окуу жайдагы илимий иштердин абалы боюнча баяндап, б.и.к., доцент З.К.Койчуманов, ф.и.к., доцент А.У.Акынбековалар өздөрүнүн илимий баяндамалары менен чыгышты. Соңунда концерттик программа тартууланды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*