ТалМУда Кыргыз Эл Баатыры, залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган “Улуу манасчы Жусуп Мамай жана анын мурасы” аттуу эскерүү кечеси болуп өттү

ТалМУда Кыргыз Эл Баатыры, залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган “Улуу манасчы Жусуп Мамай жана анын мурасы” аттуу эскерүү кечеси болуп өттү. Кечени ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору С.С.Жумалиев ачып, доцент М.М.Жусупова тарабынан манасчыга арналып өткөрүлгөн илимий жыйындар боюнча сүрөт-баяндама жасалды. Бул иш-чарага Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургунаалы Турсунаалы уулу дагы катышып, манасчынын өмүрү-чыгармачылыгы жөнүндө баян кылып, “Жусуп Мамай бабамдан баян” аттуу китеби менен тааныштырды. Андан соң Жусуп Мамай тууралуу тартылган даректуу кино тасмасы көрсөтүлүп, кыргыз бийи боюнча мастер-класс өткөрүлдү. Соңунда манасчы К.Маряпов менен Тургунаалы Турсунаалы уулу “Манас” айтышты. Кечеге ТалМУнун окутуучулары, студенттери, чет тилдер багытындагы лицейдин белгилүү тарыхчы-мугалими А.Атагулов өз окуучулары менен катышышты.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*