ТалМУда студенттердин эл аралык күнүнө карата студенттер арасында тамашоу оюну боюнча таймаш болуп өттү

ТалМУда студенттердин эл аралык күнүнө карата студенттер арасында тамашоу оюну боюнча таймаш болуп өттү. Алгач университеттин ректору А.Ш.Упенов майрамы менен куттуктап, алдыңкы студенттерге сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле облустук өкүлчүлүктүн да грамоталары окуу жайдын мыкты студенттерине тапшырылды. Андан кийин тамашоунун саламдашуу, калыстардан бир собол, капитандар таймашы, үй тапшырмасы шарттары боюнча командалар ортосунда таймаш жүрүп, гуманитардык факультети 1-орун, технология-экономика факультети 2-орун, кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн командасы 3-орунга ээ болуп, акчалай сыйлык жана грамоталар менен сыйланышты.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*