ТалМУда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Талас мамлекеттик университетинин Д.Казакбаев атындагы илимий китепканасында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияны окуу жайдын ректору Упенов Айбек Шерипбекович ачып, конференциянын ишине ийгилик каалады. Ал эми КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атынан Тагайматова Бактыгул Ташкеновна,Талас облусундагы Медиа борборунун директору,филисоф.илим.кандидаты Умотов Эрмек Асановичтер баалуу ой-пикирлерин билдиришти.Талас облусундагы тарыхчы-окумуштуулар, ТалМУнун тарыхчылары,кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окумуштуулары,орто кесиптик билим беруу бөлүмүнүн тарых мугалимдери баяндама жасашты.Жыйынтыгында 1917-жылдагы Февраль революциясы, Үркүн жана 1937-1938-жж. Репрессия тууралуу жаны иликтөөлөрдү жүргүзүүнү тарыхчыларга милдеттендируу менен резолюция кабыл алынды.20.12.19.Талас ш.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*