ТалМУнун алдындагы КОБББнын жаш окутуучусу Садырбаева Чолпон Ырызбековна энергетиктер күнүнө карата маданий иш-чара өттү

ТалМУнун алдындагы КОБББнын жаш окутуучусу Садырбаева Чолпон Ырызбековна энергетиктер күнүнө карата маданий иш-чара өттү. Анда окуу жайдын “электр менен жабдуу”, “автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо”, “ачык тоо-кен иштери” жана ” компьютердик системалар жана комплекстер” адистиктеринин студенттери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандагы энергостанциялар, алардын системалары, жаңылануусу жөнүндөгү презентациялар жасалды. Ошондой эле энергияны үнөмдүү, эффективдүү колдонуу үчүн кандай эрежелерди колдонуу керектигине токтолуп өтүштү.
Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө группалар арасында кадимки турмушта кездешүүчү энергетикага байланыштуу суроолордон турган таймаш жүргүзүлдү. Суроолорго так, туура жооп берген командалар жеңишке ээ болушту.
Бул саатта электр энергия жөнүндө кенен маалымат алуу менен студенттерибиздин адис катары такшалып келе жатканы кубандырды.
Учурдан пайдаланып бардык энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктайбыз!

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*