ТалМУнун алдындагы КОБББнын КА-1-18 группасынын куратору жана группанын студенттери залкар жазуучу, жердешибиз Ч. Айтматовдун Шекер айылындагы музейине барып келишти

ТалМУнун алдындагы КОБББнын КА-1-18 группасынын куратору Аскарова Назира Курманбековна группанын студенттери менен залкар жазуучу, жердешибиз Ч. Айтматовдун Шекер айылындагы музейине барып келишти. Саякат жазуучунун туулган күнүнө арналып, “миң уккандан бир көргөн артык” дегендей жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу жеринен барып кенен маалымат алып кайтышты. Студенттер үчүн бүгүнкү күн кайталангыс көз ирмемдер болду деп ойлойм.
Дүйнөнү дүңгүрөткөн алп жазуучубуздун түбөлүктүү өмүрү жашап жатканына кубануу менен келечек ээлерине алкоо айтаар элем.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*