ТалМУнун алдындагы КОБББнын КТО-1-19 жана КСП -1-19 группаларынын студенттери менен бирге окутуучулары Талас мектеп- интернатында болуп келишти

ТалМУнун алдындагы КОБББнын КТО-1-19 жана КСП -1-19 группаларынын студенттери менен бирге окутуучуларыбыз Токтогазиева Каным Соотбековна жана Жайылган кызы Мээрим Талас мектеп- интернатында болуп келишти. Алып барган белектеринен тышкары студенттер атайын интернаттын балдары үчүн даярдап барган ыр, бийлерин көрсөтүп, жаңы жыл алдында майрамдык маанай да тартуулай алышты. Мектептин директору келген меймандарга өзүнүн жана жамаатынын атынан терең ыраазычылыгын билдирип, аткарып жаткан иштерине ийгилик каалап узатты.
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга тартууланган бул күн биздин балдардын эсинде сакталып, алардын жүздөрүнөн кайрымдуулук жөнөкөй эле адамдын колунан келерине ынана, келечекке ишенимдүү бет алган кадамдарынан байкадым. Жүрөгүндө мээрими, боорукерлиги ашып турган инсандарыбыз көп болсун демекчимин.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*