ТалМУнун аралыктан билим берүү технологиялары борборунун директору Укуева Айсалкын Калмурзаевна Германиянын Мюнхен шаарындагы семинарга барып тажрыйба алмашып келди

2018 жылдын 5-12  ноябрь күндөрү Мюнхен (Германия) шаарында Ханс Зайдель Фондунун колдоосу жана уюштуруусу менен “ Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруудагы компетенцияларды стратегиялык башкаруу” аттуу семинар болуп өттү. Семинарга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекистан жана Таджикистан өлкөлөрүндөгү окуу жайлардын өкүлдөрү катышып, окутуу процесстери боюнча кенири тажрыйба алмашуу болду.

Семинардын максаты: 1. Стратегиялык компетенцияларды башкарууга болгон түшүнүктөрдү тактоо жана аны мамлекеттик жана муниципалдык башкарууда колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо; 2.   Компетенцияларды башкаруудагы заманбап жана эффективдүү окутуунун формалары жөнүндө так түшүнүк алуу жана аны практикада колдонуу; 3. Электрондук окутуунун техникалык талаптарын аныктап,  анын окуу жайга тийгизген пайдасын жана түзгөн мүмкүнчүлүктөрүн тактоо; 4. Окутуу методдорун колдонуу боюнча жеке тажрыйба алуу; 5.  Келечектеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин компетенцияларынын моделин түзүү; 4. Келечектеги кадамдарды пландаштыруу жана Ханс Зайдель Фондунун мындан ары колдоо жолдорун  талкуулоо.

Семинардын жүрүшүндө компетенцияларды башкаруу боюнча жогорку тажрыйбалуу профессор Карстен Мертенстин бир канча лекциялары жана Германияда компетенцияларды башкаруу жана окутуунун электрондук формаларын колдонуу боюнча “VIWIS” жана  “SIEMENS” фирмаларынын тажрыйбалары жөнүндө ал фирмалардын өкулдөрүнүн лекциялары угулду жана талкууланды.

Семинардын катышуучуларына Бавариядагы мамлекеттик башкаруу (BVS) академиясынын окутуу тажрыйбасы боюнча маалымат алуу үчүн кенири мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Бул семинарды уюштуруп жана окуу жайлардын компетенцияларды башкаруу боюнча тажрыйбаларын өнүктүрүүгө чон салым кошуп жаткан Борбордук Азиядагы Ханс Зайдель Фондунун жетекчиси доктор Макс Георг Майерге терен ыраазычылык билдиребиз.

1 Comment

  1. Айсалкын эже азаматсыз.Дагы коптогон ийгиликтерди жарата бериниз.

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*