ТалМУнун жеңил атлетика жана этно-оюндар боюнча спартакиадасынын экинчи күнү

9-Май Улуу Жеништин 73 жылдыгына жана 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата ТалМУнун жеңил атлетика жана этно-оюндар боюнча спартакиадасынын экинчи күнү оюндары Э.Кутманалиев атындагы стадионунда улантылды. Кыска жана алыс аралыктарга чуркоо, эстафета, аркан тартыш, жаа атуу, кол күрөш, бел күрөш, дартс, кыргыз күрөшү, таш көтөрүү оюндары боюнча студенттер менен окутуучулар арасында кызуу таймаштар өткөрүлүп, жеңүүчүлөр атайын дипломдор, ал эми командалар акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Бул спартакиадада студенттер менен окутуучуларыбыз мыкты спорттук даярдыгы менен өз активдүүлүктөрүн көрсөтүштү.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*