ТалМУнун колледжине 10 жыл!

ТалМУнун колледжине 10 жыл! Бүгүн Талас мамлекеттик университетинин кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) 10 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. 10 жылдык маараке колледждин уюшулуу тарыхын чагылдырган тасма менен башталды. Университеттин окуу жана илимий иштер боюнча проректору М.С.Тургунбаев мааракени салтанаттуу ачып, колледждин жетишкен ийгиликтерине токтолду. Андан кийин колледждин директору А.Ж.Ажибаева аталган бөлүмдүн окутуучулар жамааты менен студенттерин 10 жылдык мааракеси менен куттуктап, колледждин уюшулушуна салым кошкон окутуучулардын ысымдарын атап, ыраазычылыгын билдирди. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын аймактар боюнча куратору Т.Ө.Осмоналиев окуу жайдын 10 жылдык мааракеси менен куттуктап, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө салым кошкон окутуучуларга сыйлыктарды тапшырды. КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Ы.Д.Кулушев ыйгарым укуктуу өкүлдүн атынан колледждин жамаатын 10 жылдык юбилейи менен куттуктап, 10 жылдан бери эмгектенип келе жаткан 4 окутуучуга Ардак грамоталарды тапшырды. О.э. Талас шаарынын мэри А.Ж.Джузупбеков, М.И.Есенкулов, ТалМУнун профсоюз уюмунун төрагасы Э.А.Абдырайымов куттукташып, мугалимдерге сыйлыктарын тапшырышты. Профессор Ш.Ж.Курманкулов колледждин уюшуу процессине, жетишкен ийгиликтерине токтолуп, жалпы жамаатын куттуктады. Аталган колледждин уюшулушуна салым кошкон алгачкы директору К.Т.Шамуратовго урмат-сый көрсөтүлүп, ак калпак кийгизилип, чепкен жабылды. Көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн бир катар окутуучу, кызматкерлер акчалай сыйлыктар, ардак грамоталар менен сыйланышты. Маданий бөлүгүндө атайын даярдалган шаңдуу ыр-бийлер аткарылып, салтанаттын катышуучуларына майрамдык маанай тартууланды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*