ТалМУнун студенттик командасы Бишкек шаарында өткөн Enaktus Кыргызстан программасынын фестивалына катышып келди

ТалМУнун студенттик командасы Бишкек шаарында өткөн Enaktus Кыргызстан программасынын фестивалына катышып келди. Бул программага дүйнөнүн АКШ, Канада, Бразилия, Европа жана Азия өлкөлөрүнүн прогрессивдүү, креативдүү алдыңкы студенттери катышат. Өздөрүнүн жаштык жигердүүлүгү, талбаган изденүүчүлүгү, эмгекчилдиги аркылуу элдин жашоо-шартын жакшыртууга багытталган түрдүү проектилерди ишке ашырып келишет. Кыргызстанда дагы бул багытта иш-аракеттер алгылыктуу жүргүзүлүп, Орто Азия өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы позицияда турат. Учурда Enaktus Кыргызстанга 30 жогорку окуу жайынын студенттик командалары катышууда. Фестивалдан соң жаңы командаларга семинар-тренинг өткөрүлүп, Enaktus проектилерди жазуу, ишке ашыруу боюнча маалыматтар берилип, командалар түзгөн проектилер презентацияланды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*