ТалМУнун табият таануу жана педагогика факультетинде 13 декабрда кезектеги педагогикалык практика боюнча жыйынтыктоочу конференция өттү

Талас мамлекеттик университетинин табият таануу жана педагогика факультетинде 13 декабрда кезектеги педагогикалык практика боюнча жыйынтыктоочу конференция өттү. Математика, башталгыч класс, биология жана география адистиктеринин студент -практиканттары өздөрүнүн практика өтүүдө жетишкендиктерин көрсөтүштү. Конференцияны алдын ала түзүлгөн программа менен окуу- методикалык кеңештин төрайымы Кайнаева Ж.А. алып барды. Конференцияны ТТПФ деканы, доцент Мырзабекова У.Ж. ачып, ТалМУнун окуу жана илимий проректору Тургунбаев М.С. куттуктоо сөз сүйлөдү, калыстар тобуна мектеп окутуучулары чакырылып, жыйынтыгында калыстык менен Ардак грамоталар ыйгарылды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*