ТалМунун Технология-экономикалык факультетинин “Экономика жана менеджмент” кафедрасы Зордук зомбулукка жол жок” аттуу темада семинар өткөрүштү

ТалМунун Технология-экономикалык факультетинин “Экономика жана менеджмент” кафедрасынын ага окутуучусу, БУА-17 жана БУА-16 топтору менен биргеликте куратор Дуйшебаева М.К., Зордук зомбулукка жол жок” аттуу темада семинар өткөрүштү.Семинардын жүрүшүндө Талас облусунун ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүм менен иш жүргүзгөн улук инспекторлор: милициянын ага лейтенанты Толоев А.Ж. жана милициянын лейтенанты Асылбеков А.Т.,Талас шаарындагы үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жумадилова Мээрим жана Тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын окутуучусу, “Кайрым”кризистик борборунун психологу Туткучбаева К.А.,
Талас шаарынын мэриясынын алдындагы”Кайрым” балдарга жардам көрсөтүү борборунун жетекчиси Бектурова Р..Э. студенттерге түшүндүрмө иштерин жүргүзүп, берилген суроолорго жооп беришти.Ошондой эле зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча негизги профилактикалык чаралар боюнча да маалымат беришти.Андан соң БУА-17 тобунун студенти Саламат кызы Нуризанын “Зордук зомбулукка жол жок” аттуу темада баяндамасы угулуп, слайд көрсөтүлдү. Аталган семинарга “Экономика жана менеджмент” кафедрасынан Омурканова Ж.Э., Сонколова З.Б.,Арыкбаева Э.М. катышышты.Жыйынтыгында, семинарга катышкан ар бир студент зордук зомбулук боюнча маалымат алуу менен эле чектелбестен,зордук зомбулукка кабылган учурда мамлекеттик органдар жана кризистик борборлорго кайрылуу менен, өздөрүнүн укуктарын коргой алышат.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*