ТалМУнун технология-экономика факультетинде “диний экстремизм, радикализм жана терроризмди жайылтууну алдын алуу” боюнча жолугушуу болуп өттү

ТалМУнун технология-экономика факультетинде “диний экстремизм, радикализм жана терроризмди жайылтууну алдын алуу” аттуу темада КРӨнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, КРнын Улуттук коопсуздук кызматынын Талас облусундагы башкармалыгынын, облустук казыяттын, университеттин жооптуу кызматкерлери менен аталган факультеттин студенттеринин жолугушуусу болуп өттү. Алгач факультеттин деканы А.О.Курманалиева келген конокторду студенттерге тааныштырып, бул багытта улук окутуучу Т.Т.Ташманбетов тарабынан даярдалган баяндамага сөз кезегин берди. Андан соң КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси Д.К.Дуйшекеева диний саясат жаатында мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга токтолуп өттү. Талас облустук казысынын орун басарлары Медер ажы Сагынбаев менен Касым ажы Токторов ислам дининдеги сабырдуулук, толеранттуулук принциптерине токтолушуп, динге жамынган экстремисттик, радикалдык жана террористтик уюмдардын туура эмес иштеринин коомго тийгизип жаткан терс кесепет-залакалары туурасында кеңири баян куруп беришти. Андан соң КРнын Улуттук коопсуздук кызматынын Талас облусундагы башкармалыгынын кызматкери Ж.Матазимов атайын даярдалган кыска фильмдерди көрсөтүп, диний экстремисттик багытта жасалган кылмыш иштерине карата көрүлгөн чаралар туурасында кеп кылды. ТалМУнун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору С.С.Жумалиев университетте билим берүү тармагындагы диний сабаттуулукту жогорулатуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында катышуучуларга маалымдап, ар бир студент өз адистигинен сырткары да салттуу билимдерге, айрыкча диний сабаттуулукка ээ болушу керектигин баса белгиледи. Жыйындын кийинки бөлүгүндө студенттер тарабынан берилген суроолорго жооптор алынып, сунуштар айтылып, мындай жолугушууларды жаштар арасында көп өткөрүүнү жайылтуу чечими кабыл алынды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*