Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Кеңешбеков Канат Амановичтин ысымы ТалМУнун тарыхый-этнографиялык музейине ыйгарылды

Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Кеңешбеков Канат Амановичтин ысымы ТалМУнун тарыхый-этнографиялык музейине ыйгарылды. Канат Аманович Кеңешбеков белгилүү тарыхчы-окумуштуу, Кыргызстан менен Германия кызматташтыгын алгач изилдеген илимпоз, ТалМУнун “тарых” адистигинин ачылышына, илимий даражалуу адистердин даярдалышына чоң салым кошкон. Маркумдун көзү тирүү болгондо быйыл 60 жашка чыкмак. ТалМУнун Канат Кеңешбеков атындагы тарыхый-этнографиялык музейинин кызыл тасмасын окуу жайдын ректору, профессор А.Ш.Упенов, маркумдун жубайы, философия илимдеринин кандидаты, доцент Г.Б.Кудабаева кесишип, Канат Амановичтин жасаган эмгегине токтолуп өтүштү. Музейдеги экспонаттар боюнча гуманитардык факультеттин деканы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Ж.К.Абдиева баяндама жасады. Ачылыш салтанатка окуу жайдын администрациясы, факультеттердин өкүлдөрү, студенттер, агайдын туугандары катышты.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*