Түштүк Кореянын KOIKA агенттиги университетте

21-декабрда Түштүк Корея Республикасынын KOIKA эл аралык кызматташуу агенттигинин волонтерлук программалар боюнча координатору Хеджонг Шин, аталган агенттиктин Кыргызстандагы офисинин менеджери Алиса Токолдошова жана Талас мамлекеттик университетинин ректору А.Ш.Упеновдун ортосунда жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда KOIKA агенттиги менен Талас мамлекеттик университети волонтерлук жана билим берүү программалары (тил жана IT курстары) боюнча эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүшүп, келген коноктор Корей борборуна ылайыктуу аудиторияларды көрүү максатында табият таануу жана педагогика факультетинин, гуманитардык факультетинин жана кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн имараттары менен таанышып чыгышты.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*