4-майда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Шатманов Шаабай Шатмановичти Улуу Жеништин 73 жылдыгы менен университеттин атынан куттукташты

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, “Кызыл Жылдыз”, “Кызыл Туу” ордендери менен коптогон медалдардын ээси, 100 жаштын кырын
ашкан кыргыздын куттуу аксакалы Шатманов Шаабай Шатмановичти Улуу Жеништин 73 жылдыгы менен университеттин атынан куттукташып ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору С.Жумалиев, окуу жайдын аксакалы жана басма сөз кызматынын башчысы М.Калманбетов, ага окутуучу А.Абдраимов, студенттик парламенттин төрагасы М.Токтобеков
жана таланттуу студенттер үйүнө барып келишти. Ардактуу ардагерге окуу
жайдын атынан акчалай сыйлык тапшырылып, студенттер тарабынан жагымдуу  ыр-күүлөр арналып аткарылды. Студенттер кадырман аксакалдын алкоосуна татып, батасын алышты.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*