Ч.Айтматовдун Германиядагы досу, белгилүү музыкант Еккехардт Мааска менен жолугушу

ТалМУнун профессордук-окутуучулар жамааты менен студенттери белгилүү немис бард-музыканты Эккехардт Маас менен жолугушуп, анын “Ч.Айтматов жѳнүндѳ ангемелер” аттуу адабий кечесине күбѳ болушту. Немис музыканты качан, кантип Ч.Айтматов менен таанышканы тууралуу кызыктуу ангеме куруп, ѳзүнүн ырларын тартуулады. Ч.Айтматовдун карындашы, коомдук ишмер Роза Айтматова менен жолугуп, бири-бирине ѳздѳрү жазган китептерин белек катары тартуулашты. Кеченин соӊунда ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов Ч.Айтматовдун Германиядагы досу, белгилүү музыкант Еккехардт Мааска немис тилинде тереӊ ыраазычылык билдирип, жазуучунун 90 жылдыгына арналып атайын жасалган белекти тартуулады.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*