Шекерге болгон сапар

26-октябрда залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата КР Өкмѳтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгү менен Талас мамлекеттик университети биргелешип уюштурган “Ч.Айтматов: угуттуу сѳз, улуу ойлор, убакыт” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында аталган окуу жайдын
(ТалМУ) ректору А.Ш.Упенов баштаган Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын окумуштуулары, университеттин окумуштуулары, окутуучулары менен студенттери жазуучунун кичи мекени Шекер айылында болушту. Барган делегация алды менен Ч.Айтматовдун айкелине гүлчамбарларды коюп жазуучуга таазим этип эскеришип, андан соӊ анын музейи менен таанышып чыгышты. Иш-чаранын кийинки бѳлүгү маданият үйүнүн залында улантылып, ректор
А.Ш.Упенов сѳз сүйлѳп, коноктор Чыӊгыз Айтматов тууралуу ойлорун ортого салышты. Кара-Буура районунун маданият бѳлүмү жана мектеп окуучулары тарабынан даярдалган кѳркѳм-маданий программа Талас мамлекеттик университетинин студенттеринин кѳркѳм программасы менен бириктирилип жогорку деӊгээлде тартууланды. Соӊунда Кара-Буура районунун акиминин орун басары С.О.Карбозова жыйынтыктоо сѳзүн сүйлѳп, конокторго акимчиликтин ыраазычылык каттарын тапшырды. Келген коноктор жана студенттер ачык асман алдындагы айкелдер менен таанышып, жазуучунун тѳрѳлүп-ѳскѳн айылы, жери менен жакындан таанышып, ѳтѳ таасирленип жана ушундай залкар жазуучунун мекендеши болгондугуна сыймыктанышып кайтышты.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*