Эне тил жана Ч.Айтматов

16-ноябрда Талас мамлекеттик университетинде залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата “Эне тил жана Ч.Айтматов” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул конференция КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жана КРӨнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте өткөрүлдү. Конференцияда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.И.Ишекеев, КРӨнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Ы.Кулушев, КР Эл мугалими Б.Исаков, жазуучу С.Темиралиев, университеттин ректору А.Ш.Упенов жана ТалМУнун окумуштуулары: Т.Айталиева, К.Жунусалиева, Г.Сатаева, ошондой эле коледждин окутуучусу Б.Жоробекова, Бакай-Ата районунун билим берүү бөлүмүнүн башкы усулчусу Ж.Аттокуровалар баяндамаларын жасашып, ой-пикирлерин айтышты. Жазуучунун көп кырдуу чыгармачылыгы, инсандык сапаттары, чыгармаларынын адамзаттык проблемалары жана эне тил маселелери изилдөөнүн обьектиси катары каралып талкууланды. 21-кылымда Айтматов доорунун башталганы баса белгиленди.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*