“Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршыбыз “

ТалМУда мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор, ф.и.к., доцент К.Т.Жунусалиева ТалМУнун студенттик парламенти менен биргеликте уюштурулган онлайн режимдеги “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршыбыз ” аттуу тегерек столду Zoom платформасын колдонуу менен өткөрдү. Тегерек столдун катышуучулары үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун себептери,тийгизген кесепеттери жана аларды чечүү жолдору боюнча талкуу жүргүзүп,чакырылган коноктор күнүмкү жашоодогу зордук-зомбулукка кабылган жарандар менен иштөө тажрыйбалары менен бөлүштү. Ошондой эле талкуу учурунда ТалМУнун окутуучусу,психолог К.А.Туткучбаева “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жана ырайымсыз мамилеге кабылган балдардын психологиялык абалы” аттуу темада баяндама жасады. Аталган тегерек столго Талас мамлекеттик университетинин окуу жана илимий иштери боюнча проректору, ф.и.д., профессор С.С.Жумалиев; мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, ф.и.к., доцент К.Т.Жунусалиева;ТалМУ колледждин директору, п.и.д., профессор А.Ж.Ажибаева «Өлкөнүн келечеги» коомдук фондунун Талас облусу боюнча координатору Талантбек кызы Чолпонай, «Талас облусунун Жаштар кенеши» коомдук бирикмесинин офис менеджери Алманбет кызы Айгерим, «Союз Единения»коомдук бирикмесинин адвокаты Марина Эдигеева, ТалМУнун профессордук-окутуучулар жамааты жана ТалМУнун студенттик парламенттин мүчөлөрү катышканын,экономика жана менеджмент кафедрасына ЭУП-18 тобунун студенти А.Ж.Аалиев маалымдады.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*