“Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршыбыз “

Технология-экономикалык факультетинде экономика жана менеджмент кафедрасы тарабынан уюштурулган онлайн режимдеги “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршыбыз ” аттуу вебинар Zoom платформасын колдонуу менен өткөрүлдү. Вебинар баштоо алдында модератор Э.М.Арыкбаева катышуучуларды вебинардын алдын ала түзүлгөн программасы менен тааныштырып, ар бир окула турган докладга 5-7 мүнөткө чейин убакыт бериле турганын белгиледи.
Вебинардын учурунда окулган ар бир доклад азыркы биздин коомдун чон көйгөйү болгон үй- бүлөдөгү зордук зомбулук маселесин алдын алууга багытталган.
” Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршыбыз”аттуу вебинардын программасында окулган баяндамалардын тизмеси төмөндөгүдөй:Экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучусу Э.М.Арыкбаеванын «Үй-бүлөдөгү зордук зомбулуктун түрлөрү» аттуу баяндамасы.
2.Экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу Т.Т.Ташманбетовдун «Балдарды зордук зомбулуксуз тарбиялоо» аттуу баяндамасы.

БУА-18 тобунун студенти Ж.А.Абжалбекованын “Биз зордук зомбулукка каршыбыз”аттуу баяндамасы.
Аталган вебинарга экономика жана менеджмент кафедрасынын жалпы окутуучулар жамааты жана тайпалардын студенттери катышышты.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*