ОшМУнун демилгеси менен Кыргызстандын 23 жогорку окуу жайынын (ОшМУ, И.Арабаев ат. КМУ, ТалМУ, ЫМУ, НМУ, КУУ, ЖаМУ, КӨУ ж.б.) тиешелүү өкүлдөрүнүн катышуусунда “Өнөктөш ЖОЖдор ортосунда кызматташуунун жаңы горизонттору: ички мобилдүүлүктүн артыкчылыктары жана көйгөйлөрү” аттуу онлайн видеоконференция болуп өттү. Анда академиялык мобилдүүлүк боюнча ийгиликтер, көйгөйлөр жана аларды чечүү боюнча маселелер талкууланып, тажрыйбалар ортого салынып, сунуштар айтылып, ички академиялык мобилдүүлүк маселелерин чечүүгө багытталган резолюция чыгарылды. Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштер мындан ары дагы улантылмай болду.
Leave a Reply