Илим департаменти илимий изилдөө иштерин каржылоого конкурс жарыялайт

КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти 2019-жылга карата илимий изилдөө иштерине республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо алууга катышуу үчүн конкурска билдирмелерди кабыл алуу башталгандыгын жарыялайт.

Конкурстук каржылоо илимдин төмөнкү багыттары боюнча жүргүзүлөт:

Медициналык илимдер:

  • Акушердик иштер жана гинекология
  • Эндокринология
  • Лор оорулары
  • Кардиология
  • Педиатрия
  • Жугуштуу оорулар
  • Дерматовенерология
  • Неврология
  • Онкология
  • Стоматология
  • Травматология жана ортопедия
  • Фтизиатрия
  • Хирургия
  • Нейрохирургия
  • Балдар хирургиясы
  • Анестезиология жана реаниматология
  • Гематология жана кан куюу
  • Ревматология
  • Урология
  • Трансплантология жана жасалма органдар
  • Пульмонология
  • Жүрөк кан-тамыры хирургиясы
  • Гастроэнтерология
  • Нефрология
  • Алдын алуучу медицина
  • Соттук  медицина
  • Фармакология, клиникалык фармакология
  • Клиникалык лаборатордук-инструменталдык диагностика
  • Калыбына келтирүү, медицина, спорттук медицина, дарылоо дене тарбиясы, курортология жана физиотерапия

Табият кубулуштары жөнүндөгү илимдер:

  • Математика
  • Механика
  • Физика
  • Астрономия
  • Химия
  • Фармацевтикалык химия
  • Биологиялык илимдер
  • География
  • Экология жана жаратылышты колдонуу
  • Гидрология жана суу ресурстары

Техникалык илимдер:

  • Машина куруу жана машиналар жөнүндө
  • Тоо-кен жана курулуш машиналары жөнүндө
  • Приборлорду иштеп чыгаруу
  • Радиотехника жана байланыш
  • Информатика жана эсептөөчү техника
  • Энергетика
  • Химиялык технологиялар
  • Азык-түлүк продуктуларынын технологиясы
  • Материалдардын технологиясы, текстиль буюмдары жана жеңил өнөр-жай
  • Транспорт
  • Курулуш жана архитектура
  • Электроника

Айыл-чарба илимдери:

  • Жүзүм өстүрүүчүлүк
  • Бак өстүрүүчүлүк
  • Мал чарбачылык
  • Аары чарбачылыгы
  • Балык чарбачылыгы
  • Куш чарбачылыгы
  • Дан эгиндери (арпа, жүгөрү, буудай, сулуу, кара буудай, куруч, гречка)
  • Буурчак дан эгиндери (буурчак, фасоль, соя, нокот)
  • Ветеринардык илимдер

Коомдук-гуманитардык илимдер:

  • Экономикалык илимдер
  • Юридикалык илимдер
  • Педагогикалык илимдер
  • Психологиялык илмдер
  • Социологиялык илимдер
  • Саясат таануу илимдери
  • Социалдык жана саясат таануу географиясы
  • Тарых илимдери
  • Философия илимдери
  • Филология илимдери
  • Көркөм өнөр илимдери

Конкурска катышуу үчүн билдирмелер конкурстук иш-кагаздарынын талаптарына ылайык папкага тиркелип (тиешелүү жерде анын өздүк талаптары менен төмөнкүлөр көрсөтүлөт: жиберүүчүнүн дареги, юридикалык жактын аталышы же жеке адамдын аты-жөнү, илимий изилдөөчүлүк боюнча конкурстун багыттары) төмөндөгү дарекке жиберилет: КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти, Бишкек ш., Чуй проспектиси 256а, 209-кабинет.

Конкурска билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү: 2018-жылдын 9-октябрынан тартып 2018-жылдын 9-ноябрында саат 17.00.

Конкурстук иш-кагаздар боюнча жана билдирмелерди даярдоо боюнча суроолорго түшүндүрмөлөрдү +996 312 642681, +996 553 012712, 0551-300803 телефондору аркылуу алса болот.

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 6-августундагы токтому менен бекитилген Илимий-изилдөө жана тажрыйба конструктордук иштердин долбоорлоруна мамлекеттик (көз карандысыз) илимий-техникалык экспертиза уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосунун 5-пунктуна ылайык, илимий долбоорго республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо алуу үчүн конкурска катышууга ар бир билдирүүчү сунуншталып жаткан долбоордун болжолдуу баасынын 0,5% өлчөмүндө (мамлекеттик бюджеттен каржылануучу республиканын жогорку окуу жайларды жана илимий-изилдөө мекемелерин кошпогондо) насыя акы которот. Билдирүү ээси аталган насыя акыны которуудан баш тарткан учурда сунуш кылынган долбоор каралбайт.

Эгерде конкурстун жыйынтыктары боюнча долбоордун ээси каржылоо алса, алдын-ала төлөнгөн насыя акы тиешелүү чыгымдардын суммасына кошулат. Четке кагылган долбоор үчүн төлөнгөн насыя акы кайтарылып берилбейт.

илимий изилдөө иштерин каржылоого конкурс

Прокрутить вверх