Педагогика кафедрасы

Педагогика кафедрасы

Умарбекова Анара Анарбаевна

Педагогика кафедрасынын башчысы,педагогика 

 илимдеринин кандидаты, доцент

Педагогика кафедрасы алгач И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Таластагы филиалы катары 1996-жылы гуманитардык дисциплиналар деген аталыш менен уюшулган. 1997-жылы 24-февралдагы №8/1 буйруктун негизинде педагогика, психология жана гуманитардык дисциплиналар кафедрасы болуп өзгөртүлгөн.1999-жылы 24-сентябрдагы №38/3 буйруктун негизинде кафедра төмөнкүдөй аталышта эки кафедрага бөлүнгөн:  педагогика, психология жана башталгыч класстарды окутуунун методикасы.

2013-жылы 25-декабрда ректордун №4/6 буйругу менен «Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы»  кафедрасы «Педагогика»  кафедрасы деп аталган.

2017-жылы 6-июнь айында «Педагогика» кафедрасы EdNet билим берүү тармагында сапатты камсыздоо Агентствосунун чечими менен аккредитациядан ѳткѳн.

Учурда кафедрада штаттык расписание боюнча жалпы – 11 окутуучу жана кош жумушчулукта  6  окутуучу эмгектенет. Алардын ичинде 2 илимдин доктору, 2 илимдин кандидаты, 3 магистрант, 2 ага окутуучу жана 7 окутуучу, 1методист.

Окутуу- усулдук  иштери

Кафедра тейлеген баардык дисциплиналар боюнча окуу методикалык комплекстер түзүлгѳн. Жыл сайын  акрредитациянын талаптарына ылайык иш берүүчүлѳрдүн керектѳѳлѳрүн канаттандырууга, билимдин сапатын жогорулатуу максатында окуу дисциплиналарынын мазмунун жаңылоого, компеттентүү адистерди даярдооого зор кѳңүл бурулат.

  Кафедрасынын профессордук окутуучулар курамы тарабынан   илим изилдѳѳ багыты  жана адистикте окулуп жаткан дисциплиналар боюнча  усулдук колдонмолор жарыкка чыккан.  Алардын саны бүгүнкү күндѳ — 40. 2017-2018, 2018-2019, 2019-2020 окуу жылдарында жарыкка чыккан окуу-усулдук колдонмолордун саны-18.

Илим –изилдѳѳ иштери

            Педагогика  кафедрасынын илимий темасы «Педагогиканын актуалдуу маселелери жана окутууда интерактивдүү методдорду колдонуу» деп аталат. Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы илимий теманын  багытында  илим изилдөө иштерин жүргүзүп келет. Учурда кафедрада 2 илимдин доктору жана 2 илимдин кандидаты, 2 изденүүчү илимий багытта изилдөө иштерин улантууда.

Изилденип жаткан илимий иштер кафедранын илимий темасына багытталган, элдик педагогикага арналган изилдѳѳлѳр, башталгыч мектептин мугалимдерин даярдоодо башкаруунун сапатынын теориясы жана практикасы, башталгыч мектептин окуучуларынын билим сапатын жогорулатууда мектеп менен ата-энелердин кызматташтыгы жана болочоктогу адистерге математикалык билим берүү педагогиканын актуалдуу маселелеринин бири болуп саналат.

Изденүүчү аспирант, докторанттар  илимий  изилдѳѳ  темалары боюнча  республиканын аймагында  жана  чет ѳлкѳлѳрдѳ уюшулган илимий-практикалык конференцияларга активдүү катышып келет. 2014-2020-жылдар аралыгында кафедранын профессордук окутуучулар жамааты тарабынан жазылган — 98 илимий макалалары илимий-практикалык конференциянын жыйнактарында жарыяланган.

Студенттердин илим-изилдѳѳ иштери багытында студенттик илимий- практикалык конференциялар университеттик деңгээлде ѳткѳрүлүп, бааланып келет.

Тарбиялык иштер

Кафедранын  тарбиялык иш планынын негизинде окуу тайпаларында куратордук сааттар өткөрүлүп турат.

Азыркы мезгилде педагогика кафедрасы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп жатат. Мындан тышкары, Талас  шаарынын жана Талас областынын  мектептеринде  педагогикалык практиканы ѳткѳрүү келишимдеринин  негизинде мектеп менен бирдиктүү иш алып барышууда.

Кафедрада окутуучулардын квалификациясын жогорулатуунун планы түзүлгөн, профессордук окутуучулар курамы Кыргызстандын жана жакынкы чет өлкөлөрдүн билим берүү системасында уюштурулуп жаткан билимин жогорулатуу курстарына катышууда. Алсак: Австрия (Вена ш.), Казахстан (Алматы ш.), республикалык ЖОЖдор ж.б. Бүгүнкү күндө кафедранын окутуучулары   билимин жогорулатуу боюнча сертификаттарга ээ.

Кафедра Талас областтык мугалимдердин билимин жогорулатуу борбору менен  кызматташып келет.

Биздин бүтүрүүчүлөр областтык «Жылдын мыкты мугалими» конкурсунун жеңүүчүлөрү

19 декабря 2021 г.  · 

Педагогика адистигинин 2- курсунун студенттери менен куратору Кочоралиева Берметтин жетекчилигинде улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун туулган кунуно арналган тарбиялык иш чара откорулду. Азаматсыздар!


14 декабря 2021 г.  · 

Талас мамлекеттик университетинин «Педагогика жана башталгыч билим беруу» адистигинин студенти Мамбет кызы Айназикти Президенттик стипендиянт болушу менен куттуктайбыз!


9 МАРТ, 23:04  · 

Учурда ТалМунун Педагогика адистигинин 3- курсунун студенттери кесиптик- базалык практиканы отуп жатат. Студент- практиканттардын сабактарына кафедранын методистери катышып, жыйынтыктоочу балоо ну жургузуп келишти. Студенттерди окуу процессиндеги педагогикалык изденуулоруно, ыраазычылык билдиребиз!


10 March, 22:57  · 

Бугун И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинде Педагогика кафедрасынын башчысы педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Т. Калдыбаеванын демилгеси менен Кыргызстан-Германия «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик билим берууго комоктошуу» долбоорунун алкагында семинар откорулду. Семинарга Ош мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик педагогикалык институту,Талас мамлекеттик университети, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Кол университетинин педагогика кафедрасынын башчылары катышып, «Педагогика» дисциплинасынан бирдиктуу типтуу программаны иштеп чыгуу боюнча ой болушту. Бул саамалык баардык ЖОЖдор тарабынан колдоого алынып, И.Арабаев университетинин Педагогика кафедрасынын жалпы педагогикалык жааматына жана Айчурок Токтополотовнага ыраазычылык билдирилди.


21 March, 21:40  · 

Нооруз майрамына карата ПНОк-18 группасынын студенттери куратору Тажибаева Гулзааданын уюштуруусунда тарбиялык иш чара откорушту.


10 декабря 2021 г.  · 

Талас мамлекеттик университети тарабынан уюштурулуп жаткан «Кыргызстанда мамлекеттик тилде билим беруу» марафонунда «Педагогика» кафедрасынын ага окутуучусу Кумашова Аида Анаркуловна адистиктин студенттерине»Балдарды окуу жана жазуу иштерине калыптандыруунун негизги баскычтары» деген темада ачык сабакты жогорку денгээлде откорду. Аида Анаркуловнага зор ийгиликтерди каалап кетмекчибиз!


16.03.2022- жыл ТалМуда «ЖОЖ жана мектеп» аттуу конференция болуп отту. Конференцияга Талас облусунун мектеп жетекчилери жана айыл окмоттору катышып,учурда билим беруу системасын онуктуруунун алдыдагы милдеттери жана койгойлор боюнча ой болушуп, бирдиктуу иш аракеттерди жургузуу зарылдыгын белгилешти. Конференциянын 2- секциясында » Мектептерге орус тилдуу мугалимдерди даярдоо» деген темада доклад окулуп, орус тилдуу мектептерге баардык предметтер сыяктуу эле башталгыч класстын мугалимдерине суроо талап осуп жаткандыгы белгиленип,ал койгойду чечуу боюнча сунуш, пикирлер талкууланды.


  · 26 ноября 2021 г.  · 

Педагогика кафедрасы педагогика жана башталгыч билим берүү адистигинде окуган студенттердин ата-энелери менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө сунуш пикирлер айтылды.

Прокрутить вверх