Педагогика.

Педагогика секциясы

секция башчысы

Философия илимдеринин кандидаты, доцент Кудабаева Гулира Байдылдаевна

Педагогика секциясынын баскан жолу.

         ТалМУнун ректорунун  28 — июль 2009 — жылдын  № 62/6 буйругунун

негизинде  КОБББ базасында түзүлгөн.                 

2009-жылдын 1-сентябрынан баштап Талас мамлекеттик университетинин ректорунун буйругу менен «Табигый-экономикалык илимдер» секциясынын курамында om rolex yacht master rolex calibre 2836 2813 mens 16623 78763 automatic ачылган.  Жаны ачылган секцияны Изабаева Индира Кенжебековна эң алгачкылардан болуп жетектеген.

 2012 – жылдын жаңы окуу жылынан баштап  «Педагогика жана табигый илимдер» секциясы  деп аталып, Ташматова Жыпар Талайбековна жетектеген.

Секциянын түптөлүшүнө И.К. Изабаева, А.Б. Барпыбеков, К.Ж. Наржигитова, А.Э. Сейдакматова, С.А. Момоконова, Ы. Насипбаева, С.О. Сыдыгалиева, А. Байкеева   ж.б. салымдары чоң.   

2016-жылдын,  сентябрь  айынан  баштап  КРнын эл агартуунун  мыктысы, философия илимдеринин кандидаты, доцент  Кудабаева Гулира Байдылдаевна жетектеп келе жатат.

Педагогика секциясында 2009-2010-окуу жылынан баштап техника багытындагы төмөндөгү 3 адистикти дайындап чыгарат 

•        050709 «Башталгыч класстарды окутуу» адистиги. Башталгыч класстардын мугалими.

•        050704 «Мектепке чейинки билим берүү» адистиги. Балдар бакчасынын тарбиячысы.

•        050711 «Социалдык педагогика» адистиги

Аталган адистиктер боюнча 2019-2020-окуу жылында «Мектепке чейинки билим берүү» адистигинин күндүзгү бөлүмүндө 25 студент, сырттан окуу бөлүмүнөн 44 студент, «Башталгыч класстарды окутуу» адистигинен күндүзгү бөлүмүнөн her response 50 студент, сырттан окуу болүмүнөн 55 студент бүтүрүштү 174студент окуусун ийгиликтүү аякташты.

«Педагогика» секциясынын негизги максаты  жана милдети болуп,  жеткиликтүү билим берүү, Республиканын жана Талас аймагынын туруктуу социалдык- экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн, компетенттүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо болуп саналат.

Окуу планына ылайык секциянын окутуучулары 43 дисциплинаны тейлейт. Окутуучулар тарабынан типтүү программалардын негизинде окуу-усулдук комплекстер, жумушчу программалары иштелип чыккан. Лабораториянын материалдык базасы адистик предметтердин талаптарына толук жооп берет

Окуу жайдын алдына коюлган миссиясын, милдеттерин толук аткарууга, билим берүүнүн максаттарына жетишүүгө кадрдык потенциалы жетиштүү деңгээлде. Колледж педагогикалык кадрлар менен, административдик персоналдар менен, окуу-көмөкчү курам менен толук камсыздалган. Кадрдык потенциалды анализдөөдө, колледждин окутуучулардын сапаттык курамы заманбап талаптарга жооп берет.  Билим берүү программмасы боюнча бардык штаттагы окутуучулар жана окутуучу-кош жумушчулардын баарынын билими жогорку. Алардын көбүнүн иш тажрыйбасы он жылдан кем эмес. Көпчүлүгү колледж ачылганга чейин мектептерде, бала бакчаларда, ТалМУда окутуучу болуп иштеп келишкен.

Бүгүнкү күндө «Педагогика» секциясында 11 окутуучу эмгектенет. Секцияны 2016-жылдан бери философия илимдеринин кандидаты, психолог, доцент Кудабаева Гулира Байдылдаевна жетектейт. Гулира Байдылдаевна Талас мамлекеттик университети ачылгандан (1996) баштап эмгектенет. Базалык билими педагог жана психолог, философия илимдеринин кандидаты. Доценттик наамдын ээси. КР билим берүүнүн мыктысы. 1 окуу китеби КР Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен жарык көргөн. 1 монография 2 окуу куралы, 40 ашык илимий макалаларды жана усулдук куралдарды жарыкка чыгарган.

«Педагогика» секциясынын мүчөлөрү Зууракан Конгайтиева педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, КР билим берүүсүнүн мыктысы. 2009-жылы Президенттин алдындагы Мамлекеттик коом, улуттук тил боюнча дипломдун ээси. «Этнопедагогика» окуу куралынын автору.

Самара Момоконова 2016-жылы жана 2021-жылдары “Жылдын мыкты окутуучусу”  номинациянын ээси. 2014-жылы жана 2017-жылдары “Мыкты куратор” номинациянын ээси. 2016-2017 жана 2018-2019-окуу жылында “Мыкты курстук иштер” конкурсунда байгелүү орундарга ээ болгон.

Бүбүсара Калманова, Жайнагүл Рыскулова, Акылбүбү Сейдакматова Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталарынын ээлери. Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн мыктылары.

Гүлжан Сыдыкова Талас шаардык мэриясынын Ардак грамотасынын ээси. “Инклюзивдик билим берүү” боюнча 2020-жылы Бишкекте өтүлгөн республикалык Сорос фонду жана Борбордук Азия, Евразиялык фонд уюштурган семинарга катышуу менен “Педагогикалык факультеттердин студенттеринин базалык изилдөө көндүмдөрүн калыптандыруу” боюнча долбоорду Талас шаарынын мектептеринде студенттер менен бирдикте илимий изилдөө иштерин жүргүүзүсү, алкышка татыктуу болгон.

2020-жылы 28-июлдан бери Саламаттык сактоо министрлиги менен Сорос фонд аркылуу уюшулган “Кыргызстандын калкынын психологиялык саламаттыгы» боюнча аралыктан онлайн режимде уюлдук байланышта тейлөө боюнча долбоордо эмгектенет. Сергек жашоо жана ВИЧти алдын алуу боюнча региондук тренер болуп иштейт.

Мындан тышкары, бул секцияда өз кесибин мыкты билген мугалимдер эмгектенет. Аларга: Каным Токтогазиева, Чолпон Арсиева, Айгерим Батыркулова, Айпери Абдышова, Жайылган кызы Мээрим.

Секцияда студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында акыркы 3 жыл ичинде окутуучулардын курамы тарабынан   окуу-методикалык көрсөтмөлөр даярдалган:

1.  Момоконова С.А. “Этнопедагогика” (практикалык саатка иштелме ). Усулдук колдонмо.  Көлөмү 4б.т. 2015-2016-о.ж.

2. Г.Б.  Кудабаева ф.и.к. доцент,  А.Э. Сейдакматова  Кенже мектеп окуучуларына педагогикалык практика боюнча методикалык курал (Студент-практиканттар үчүн). Көлөмү 4 б.т. 2016-2017- ж.ж.

3. Г.Б. Кудабаева филос. и.к. доцент «Коррекциялык педагогика жана атайын психология» боюнча окуу китеби (кыргыз тилинде) көлөмү 9 б.т.  2017-2018- ж.ж.

4. Г.Б Кудабаева ф. и. к. доцент, окутуучу  Г.С. Сыдыкова  Психологиялык түшүнүктөр боюнча методикалык колдонмо (кыргыз тилинде)  Көлөмү 2 б.т.

5. 2017-2018 ж.  ф.и.к., доцент Г. Б. Кудабаева тарабынан  “Жалпы психология ”  окуу китеби КР Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен жарык көргөн. Кыргызстандын электрондук китепканасына жайгаштырылып, бүт Кыргызстандын окуу жайлары пайдаланууда.

 6. Окутуучу С.А. Момоконова  “Педагогика” предмети боюнча курстук ишти аткаруу үчүн методикалык көрсөтмө. Көлөмү 2 б.т. 2017-2018 – ж.ж.

Студенттерди окутууда заманбап технологияларды кеңири колдонуу менен сабак өтүү процесси алардын билим деңгээлинин жогору болуусуна шарт түзөт. «Педагогика» секциясынын мүчөлөрү жыл сайын илимий басылмалардан, атап айтканда республикалык ЖОЖдордун,  ошондой эле ТалМУнун илимий-практикалык конференцияларынын жыйнактарында жана «Эл агартуу» журналдарына илимий  макалаларды жарыялашууда. Жылына ТалМУ тарабынан уюштурулган студенттердин илимий-практикалык конференцияларында секциянын окутуучуларынын  жетекчилиги менен студенттер даярдалып, докладдар окулат. Алсак:

 — 2016-2017- ж.ж. 2-орунга  студент  А. Аттокурова ээ болгон. Жетектөөчү мугалим  Момоконова С.А.

 2017- 2018 ж.ж.  студент 1 –орунга    Ж. Толобаева ээ болгон.   Жетекчи

Филос.и.кандидаты, доцент Г.Б.Кудабаева

-2018-2919 ж.ж.  студент 2-орунга Салыбек кызы Адинай  ээ болгон. Жетекчи окутуучу  Момоконова С.А.

   Алган орундары менен убагында студенттер мактоо баракчалары менен сыйланышкан.

ТалМУда Аймактарды өнүктүрүү, региондорду санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында «Инновациялык технологиялар жана заманбап билим берүү» аттуу студенттердин кезектеги республикалык 17-илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Конференцияга жалпы жонунан 130га жакын илимий макала түшүп, Кыргызстандын Кыргыз-Түрк «Манас» университети, М.Адышев атындагы ОшТУ, ЖаМУ, ОГПИнин студенттери дагы катышышты. Пленардык жыйында 5 баяндама окулуп, секциялык иштер илимдин 9 багыты боюнча жүрдү. Бул конференцияга ТалМУнун алдындагы КОБББнын студенттери да өздөрүнүн илимий макалалары менен чыгышты. Анын ичинен 

  1. КП-1-17 группасынын студентти  Айтынбетова Айзат 2-орунга ээ болду
  2. КП-1-17 группасынын студенти Каналбекова Айпери  2-орунга ээ болду
  3. КДО-1-17 группасынын студенти Акматова Ж. «Мектепке чейинки курактагы  балдардын сөзүн өстүрүүдөгү кыйынчылыктар» деген темада  3-орунга ээ болду . Жетекчиси: Момоконова С.

ТалМУдагы аралыктан билим берүүнүн инновациялык технологияларын өнүктүрүү, аралыктан ачык билим берүү ресурстарын жайылтуу, дистанттык билим берүүнүн сапатын көтөрүү максатында «Инновациялык аралыктан билим берүү технологиялары» аттуу сынак жарыланган. Сынакка ТалМУнун окутуучуларынын кыркка жакын видео, аудио сабактары коюлган.  Жыйынтыгында, жеңүүчүлөрү аныкталып, атайын сыйлыктарга ээ болушту.  Педагогика кафедрасынын окутуучулары  Момоконова Самара , Жайылган кызы Мээрим дипломдор менен сыйланды

ТалМУда «Аймактарды онуктуруу, олкону санариптештируу жана балдарды колдоо жылына» карата откорулуучу «Салттуу билим жана заманбап технологиялар: Баланы онуктуруудогу жана тарбиялоодогу жаны мамилелер» аттуу эл аралык илимий-практикалык онлайн конференциясынын секция 3 Педагогика багыты: Кыргыз эл мугалимдеринин асыл педагогикалык мурастары жана баланы онуктуруп-тарбиялоонун жаны мамилелери деген аталыштагы секциялык отурум Zoom платформасын  колдонуу менен откорулду. Бул конференциядан  Педагогика кафедрасынын окутуучулары , Кудабаева Г.Б, Сейдакматова А.Э. Сыдыкова Г, Жайылган кызы Мээрим катышып грамоталарга ээ болушту. Момоканова С Сертификат менен сыйланды.

2018-2019-окуу жылында , 050709  «башталгыч класстарды окутуу” адистиги Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан ийгиликтүү өтүп, сертификат алынды

Талас мамлекеттик университетинин алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүндө 2020-2021окуу жылынын  27, 28 — октябрь айынын аралыгында «Эл баасы» көзкарандысыз аккредитациялык агентствосу тарабынан аккредитациядан ийгиликтүү өтүп сертификаталынды. Анда «мектепке чейинки билим берүү» программасы менен иш жүрүп, аккредитациянын жүрүшүндө эксперттер программанын планына ылайык иш кагаздары менен таанышып, иш берүүчүлөр, ата-энелер, окутуучулардан интервью алынды.

ТалМУнун КОБББнын Педагогика сециясынын 050704 «Мектепке чейинки билим берүү» аккредитациядан өткөрүүдө төмөндөгүдөй иш-аракеттер аткарылды

Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясаты боюнча ТалМУнун КОБББнүн билим берүү максаттары жана стратегиялык багыттары аныкталды. Анда Педагогика секциясынын максаты төмөнкүдөй аныкталган: мектепке чейинки билим берүү уюмдарында билим берүүнүн бүгүнкү талаптарына ылайык келген педагогикалык ишмердүүлүктү натыйжалуу алып баруу үчүн зарыл болгон жалпы жана кесиптик компетенттүүлүккө ээ болгон адистерди даярдоо. Максатка ылайык секциянын ишмердигинин негизги багыттары белгиленген: окуу усулдук иштер, илимий-изилдөө иштери, практикаларды уюштуруу жана иш берүүчүлөр менен кызматташууну, кафедранын окумуштуулук-профессордук курамын өркүндөтүү,  коомдук тарбиялык иштер, билим берүү жана илимий мекемелер менен кызматташтыкты өнүктүрүү, бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу. 

Материалдык-техникалык базасы

Билим берүү программасын ишке ашырууда окуу-лабораториялык база жана аудиториялык фонддор студенттердин контингентине жооп берет.

Бардык окуу процессинде – 22 окуу аудиториялары, анын ичинен – 3 адистиктеги аудиторялар бар. Үчүнчү окуу корпусунда 4 аудитория жана 2 компьютердик класса жанаТалМУнун «Педагогика» кафедрасынын базасындагы методикалык кабинеттер жайгашкан..

ТалМУ КОБББда НКББП ишке ашырууда 5 компьютердик класс бар, алар заманбап техникалар менен камсыздалып, Интернет тармактарына байланыштырылган. 3 аудитория мультимедиялык интнерактивдүү доска менен жабдылган жана 5 аудитория – стационардык мультимедиялык проекторлор, 1 телевизор менен жабдылган.

Аудиториялык сабактар жана консультациялар компьютерлер жана телевизорлор менен жабдылган аудиторияларда өткөрүлөт,  сабак учурунда интерактивдүү доскалар, мультмедиялык, аудио видеоаппаратуралар  колдонулат. Ошондой эле интернет ресурстары, слайддалган материалдар да пайдаланылат.

Билим берүү программасы бардык курстар жана дисциплиналар боюнча окуу-усулдук документациялар жана материалдар менен камсыздалган ар бир окуу дисциплинасына ОУК мазмуну Интернет тармагына же окуу жайдын локалдык тармагында жайгаштырылган. Ар бир студентке китепкананын фонду жеткиликтүү, анда негизги билим берүү программасы боюнча бардык дисциплиналардын тизмеси бар.

Педагогика  секциясы 2018-жылдын жыйынтыгы менен  “Жылдын мыкты секциясы” номинациясына ээ болгон.                                                                                     

   Азыркы мезгилде Педагогика  секциясы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Ж.Баласагын

 атындагы Кыргыз улуттук университети  менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп жатат.

  Мындан тышкары, Талас шаарынын жана Талас, Кара-Буура, Бакай –Ата, Манас райондорунун мектептери жана бала бакчалардын жетекчилери менен дайыма тыгыз байланышта иш жүргүзүп келүүдө.

       Биздин окуу жай менен мектептер жана бала бакчалар ортосунда педагогикалык практиканы өтүү боюнча келишимдер түзүлүп, жумуш берүүчүлөр менен тыгыз иш алып барышат

Педагогика секциясында окуп-таанышуу, өндүрүштүк жана педагогикалык практикалар боюнча багыттоочу жана жыйынтыктоочу конференциялар өткөрүлүп турат. Багыттоочу конференцияда студенттерге жолдомолор берилип, ал эми жыйынтыктоочу конференцияда студенттердин  практика учурунда үйрөнгөн методикалык ыкмалары, мугалимдик кесиптин түйшүгү  жана практикадан кийин пайда болгон ой-пикирлери менен ой бөлүшүлөт.

Педагогика секциясынын иш-чаралары.

  ТалМУнун алдындагы КОБББнын Педагогика секциясынын окутуучусу С.Момоконова «Бирге окуйбуз» долбоорунун негизинде Талас шаарындагы «Ак бешик» бала бакчасынын даярдоо тайпасында сабак өтүп келди. Сабак

«Ы тамгасы » деген темада болуп, балдарга дидактикалык материалдарды колдонуу менен кызыктуу маек куруп, сабагын кызыктуу өттү.  Окутуучунун  “Ак калпак” күнүнө да дал келгендиктен, сабак өткөн мугалим калпактын мааниси жөнүндө да сөз кылып, кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими, терең философияны камтыган муундан-муунга өтүп келген улуттук мурасыбыз жөнүндө да темасына ылайык айтты. Сабак өз деңгээлинде өтүп,  балдар  бири-бирине жылмаю тартуулоо менен аяктады.ТалМУнун алдындагы КОБББнын Педагогика секциясынын «башталгыч класстарды окутуу» адистиктеринин 2-3 курсунун студенттеринин арасында 8-март аялдардын күнүнө карата «Сен бар үчүн- дүйнө жарык аялзат» аттуу Сармерден конкурсу болуп өттү. Конкурста эки тайпа катышып, таймаштын критерийлери боюнча аялзатына арналган  саламдашуу, жаңылмачтар, табышмактар, көркөм окуулар, ыр, бий, салттуу кийимдердин көргөзмөсү болду. Аялзаттын аруулугун, сулуулугун, жашоодогу ордун даңазалап конкурс кызуу өттү.

Калыстар тобунун баалоосу менен 3- курстун студенттери жеңишке ээ болушту. Конкурстун аягында секция башчысы Г. Кудабаевага сөз берилип, ал бул Сармерден конкурсунун мындан ары салттуу түрдө улантыларын, башка адистиктер арасында жайылтуу керектигине токтолуп, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Кайрымдуулук иш – чаралары.

2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында көптөгөн иш-чаралар болуп келүүдө. «Greenway» фирмасынын Талас облусундагы лидери Төлөбаева Динара Кубанычбековна менен ТалМУнун алдындагы КОБББнын директору А.Ж.Ажыбаева, Педагогика секциясынын окутуучулары А. Сейдакматова, С.Момоконова, Ч.Арсиева кайрымдуулук иш-чарасы менен Талас жардамчы мектеп- интернатында болуп келишкен.

 Педагогика секциясынын «башталгыч класстарды окутуу» адистиктеринин КП-1-18 группасынын студенттери жана куратору Арсиева Чолпон Бегалиевна атайын даярдалган адабий иш- чара уюштуруп, балдарга өздөрүнүн көркөм окууларын, элдик ырларын окуп беришти. Ал эми демөөрчү болуп барган Динара Кубанычбековна ала барган белектерин интернаттын балдарына берди. Иш- чаранын соңунда мектеп- интернаттын директору келген меймандарга жакшы каалоолорун айтып, ыраазычылык катын тапшырды.

 ТалМУнун алдындагы КОБББнын КСП-1-19 жана КТО -1-19 группаларынын студенттери менен бирге «Педагогика» секциясынын окутуучулары Токтогазиева Каным Соотбековна жана Жайылган кызы Мээрим Талас жардамчы мектеп- интернатында болуп келишти. Алып барган белектеринен тышкары студенттер атайын интернаттын балдары үчүн даярдап барган ыр, бийлерин көрсөтүп, жаңы жыл алдында майрамдык маанай да тартуулай алышты. Жардамчы мектеп интернатынын директору И.Д.Алиев КОБББнын окутуучуларына жана студенттерге өзүнүн жана жамаатынын атынан терең ыраазычылыгын билдирип, аткарып жаткан иштерине ийгилик каалап ыраазычылык катын тапшырып узатты.

Колледждин өнүгүүсүнө,  секциянын  ар бир мүчөсү өз салымын кошуп, Республикадагы билим берүү системасынын модернизацияланышындагы, жаңы форматтагы адистердин даярдалышына  өздөрүнүн салымын    кошуп келүүдө.

Прокрутить вверх