Укук таануу жана коомдук дисциплиналар секциясы.

«Укук таануу жана коомдук дисциплиналар» секциясынын    окутуучулар курамы.

Секциянын башчысы: Чалабаева Джазгул Айбашовна

Билими: Жогорку  Кыргыз эл аралык университети (бакалавр), Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (магистратура).

Адистиги: Укук таануу

Узакбаева Жакшыгул Аскарбековна

Билими: Жогорку Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.

Адистиги: Укук таануу

Кызматы:Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин)Талас облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү

Турсалиева Гуля Жакыпбековна

Билими: Ош мамлекеттик педагогикалык институту (1982-1987-ж.ж. )

Илимий даражасы: Социология илимдеринин кандидаты.

Бекмуратова Динара Замировна
Билими: Жогорку Жусуп Баласагын атындагы КМУ, Тарых жана чөлкөм таануу факультети.
Адистиги: Тарых мугалими 

Акматова Эльвира Айткуловна

Билими: Жогорку  ТалМУ Тарых жана коомдук илимдер факультети.
Адистиги:   Тарых мугалими

Наржигитова Клара Жанусаковна
Билими: Жогорку  ТалМУ Тарых жана коомдук илимдер факультети

Адистиги: Тарых мугалими 

Омурзакова Савлем Токтоновна
Билими: Жогорку Чуй  мамлекеттик  университети
Адистиги: Юрист

Калманбетов Нурадил Манасбекович
Билими:Жогорку  Жусуп  Баласагын  атындагы Кыргыз улуттук университети (2006).
Адистиги: Философ

Кулушева Назгүл Качановна
Билими: Жогорку  Жусуп  Баласагын  атындагы Кыргыз улуттук университети (2000).
Адистиги: Укук таануу

Жамангараева Аида

Билими:Жогорку  Жусуп  Баласагын  атындагы Кыргыз улуттук университети (2007).
Адистиги: Укук таануу

“Укук таануу жана коомдук дисциплиналар” секциясы

             Талас мамлекеттик университетинин алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн 030503“Укук таануу”адистиги 2010-2011-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү министирлигинин буйругунун негизинде  лицензияга ээ болуп ачылган. 2018-2019-окуу жылында 030503“Укук таануу”адистиги Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, сертификатка ээ болгон.

            2020-2021-окуу жылына карата 030503 “Укук таануу жана  коомдук дисциплиналар” секциясы болуп бөлүнүп, өз алдынча иш алып барууда. Секция башчысы Чалабаева Джазгүл Айбашовна  “Укук таануу жана коомдук дисциплиналар ”  секциясынын  жетекчиси  болуп эмгектенип келе жатат. Жаңы түптөлүп келе жаткан  окуу жайдын бир бөлүмү болгон “Укук таануу” адистигинин  өнүгүүсүнө бүт аракетин жумшап, орто окуу жайдын талаптарына жооп берүүсүнө көп көңүл буруп келүүдө. Талас шаарындагы жумуш берүүчүлөрдү чакыртып, студенттерге кызыктуу лекцияларды окууга, илимий-методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгууга, окуу жана практикаларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө жетишкен.

Талас шаарындагы  юридикалык багыт боюнча жумуш берүүчүлөрдү чакырып, алар менен биргелешип иштерди алып барууда .

            “Укук таануу жана коомдук  илимдер” секциясынын негизги максаты  жана милдети:

Дүйнөдөгү атактуу өсүп-өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуп, жаңыча ой жүгүртүү, мыкты инсандарды жаратуу иши менен, билимди тереңдетүү, сапаттуу билим берүү.

Кафедра түзүлгөндөн бери төмөндөгүдөй жетишкендиктер менен көрсөткүчтөр байкалды:

  • Адистердин билими эл аралык стандарттарга жана квалификациялык талаптарга дал келиши;
  • Билим берүүдө окутуучулардын инновациялык методдорду колдонушу;
  • Билим берүүчүлүк иш- аракеттерин камсыз кылуу үчүн илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий-методикалык жана окуу-методикалык иштелмелерди иштеп чыгуусу;

Секциянын окуу-методикалык иштеринин негизги багыттары:

“Укук таануу жаан коомдук дисциплиналар” секциясында    “Кылмыш жаза укугу” предметтик 1, “Кыргызстан тарыхы”предметтик 2 окуу залы бекитилген. Алсак, усулдук кабинеттерде 2 компьютер,  2 проектор,  2 экран жана адистикке тиешелүү окуу-усулдук адабияттар, көргөзмө куралдар менен жабдылган.   “Укук таануу” адистиги боюнча адабияттардын фондунда текшерүү иштеринин, курстук, практикалык сабактардын, лекциялык курстардын базасынан түзүлүп, теориялык багыттагы кошумча адабияттар менен камсыздалган.

Кафедрада өтүлүүчү сабактар боюнча окуу программалары (силлабус), электрондук окуу-методикалык комплекстер жана атайын колдонмолор иштелип чыгып, окуу процессинде кеңири колдонууда. Кафедра заманбап компьютерлер менен жабдылган жана интернет байланышы аркылуу дүйнөлүк аренага чыгууга толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

  • Компетенттүү мамилелердин негизинде окутуунун максатын, мазмунун, методдорун каражаттарын жана формаларын иштеп чыгуу;
  •  Иштелип чыккан окутуунун  программалары билим берүүнүн бардык деңгээлдерин ичине камтыйт;
  • Секцияда тажрыйбалуу окутуучулар эмгектенишүүдө. Алар  Насаатчылык иштерди өркүндөтүү менен усулдук-методикалык иштемелерди активдүү иштеп чыгышууда.  Жаш мугалимдер менен бирдикте  теориялык  билимдерди практика менен айкалыштыруу иштерин жүргүзүшүүдө.

Окуу процессин уюштурууда төмөнкү документтер бар:

  •         Билим берүүнүн мамлекеттик стандарты;
  •         окуу план, жумушчуокуу план;
  •         ОМКлар иштелип чыккан;

Пландалган окуу жүктөмдөрү толугу менен окуу планын жана жумушчу программалардын талабына ылайык аткарылат. Секциянын кеңешмесинде окутуучулардын иш пландары, окуу процессинин жүрүшү жөнүндө маселелер каралып турат.

Профессордук-окутуучулук курам

Бүгүнкү күндө секцияда   030503  – “Укук таануу”  профили боюнча адистер даярдалат.Окуу планына ылайык кафедранын окутуучулары 34 дисциплинаны тейлейт.

Секцияда 7  окутуучу жана  3 ички  кош жумуш аткаруучулар, 1 сырткы кош жумушчу эмгектенет. Алардын ичинде: илимдин кандидаттары 1, окутуучулар 10.

                                       Профессордук- окутуучулар курамы
1Турсалиева Гулия ЖакыпбековнаСоциялдык  илимдеринин  кандидаты
2Калманбетов  Нурадил Манасбековичокутуучу
3Чалабаева Жазгул Айбашовнаокутуучу
4Наржигитова Клара Жанусаковнаокутуучу
5Өмурзакова  Савлем Токтоновнаокутуучу
6Бекмуратова Динара Замировнаокутуучу
7Батырбаева Жылдыз Сулаймановнаокутуучу
8Узакбаева Жакшыгул Аскарбековна  окутуучу
9Акматова Эльвира Айткуловнаокутуучу
10Кулушева Назгуль Качановнаокутуучу
11Жамангараева Аида Алымбековнаокутуучу

                        Илимий-изилдөө иштери

 “Укук таануу жана коомдук дисциплиналар” секциясынын  окутуучулар курамынын илимий макалалары КР нын   жогорку окуу жайларынын илимий журналдарында басмадан чыгууда. Алсак, секциянын кызматкерлеринин жарыкка чыгарган эмгектеринин саны төмөнкүдөй:

  1. Турсалиева Гуля Жакыпбековна -3 окуу-усулдук көрсөтмө
  2. Шамуратов Б.М.,Одуракаев Т.Б.,Чалабаева Ж.А -4 окуу-усулдук көрсөтмө
  3. Бекмуратова Динара Замировна – 11 макала, 2 окуу-усулдук көрсөтмө
  4. Наржигитова Клара Жанусаковна -2 окуу-усулдук көрсөтмө
  5. Акматова Эльвира Айткуловна-3 макала 2 окуу-усулдук көрсөтмө

Илимий студенттик конференция

             “Коомдук –экономикалык илимдер» секциясынын  студенттери жылына боло турган “Студенттердин илимий-тажрыйбалык конференциясына”активдүү катышышып,алдыңкы орундарга  ээ болуп келишет.Алсак Алмазбек кызы Айдана “Кыргыздардын музыкалык аспаптары”, Алиаскар кызы Уулжан  “Талас шаарындагы №4 мектептин тарыхы”, Арстанбек кызы Жанара “Төкмө акындар мекени Арал айылынын тарыхы”,Талантбек уулу Кенжебек “Кыргыз элинин колдонулбай бара жаткан салт-санаалары”, Молдобекова Диана  “Атаканов Бекманбеттин өмүрү жана чыгармачылыгы”, Кубаналиева Тунук “Манас”эпосу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсүндө, Бөрүбаева Чолпон “Кыргыздардын көчмөн маданиятындагы демократиялык –укуктук мамилелер  жана “Манас” эпосу”, Кожошева Айтурган “Алементтерди жана алементтик  милдеттенмелер боюнча карыздарды өндүрүүдө келип чыккан укуктук көйгөйлөр.Үмөталиева Медина “Үмөт Молдонун агартуучулук ишмердүүлүгү”, Арстанбек кызы Жанара “Теке баатыр –тарыхый инсан”

“Укук таануу жана коомдук дисциплиналар” секциясынын  окутуучулары иш үстүндө.

Волейбол боюнча секциянын окутуучулары алдыңкы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келишти.

Прокрутить вверх