Чет тилдер кафедрасы

130Сатаева Гүлмира Сейтмуратовна

кафедранын башчысы, филология илимдеринин кандидаты

 

 

Чет тилдер кафедрасы Талас мамлекеттик университетинин англис жана немис тилдер багыттары боюнча билим берүүчү негизги бөлүмү болуп эсептелинет. 

         Чет тилдер кафедрасында 11 окутуучу эмгектенет: анын ичинде 1 филология илимдеринин кандидаты, 3 ага окутуучу, 6 окутуучу, методист жана лаборант иштейт.

Профессионалдык билим берүү программасы боюнча 5 жылдык мөөнөттүн ичинде бүтүрүүчүлөргө  «англис тили мугалими» жана 4 жылдык  мөөнөттүн ичинде “англис тили мугалими”,  “немис тили мугалими” деген квалифика-циядагы адистиктер ыйгарылат.
Чет тилдер кафедрасы тейлеген адистиктерден  окуу планы боюнча 5 жыл  билим алган студенттер жогорку окуу жайларында, орто кесиптик окуу жайларында жана  мектептерде англис тили сабагынын мугалими болуп иштей алышат. Мындан тышкары, бүтүрүүчүлөр маданият, туризм чөйрөсүндө, жарнама жана бизнес тармактарында, күч түзүмдөрүндө да иштесе болот. Ал эми 4 жылдык окуу мөөнөтү боюнча академиялык бакалавр даражасын бүтүргөн студенттер орто кесиптик окуу жайларында, орто мектептерде иштей алышат жана билимин андан ары да уланта алышат. Атайын иштеп чыгарылган улуттук жана чет элдик методикалар аркылуу студенттер тил илимдери боюнча (фонетика, грамматика, лексикология, стилистика) жана табигый, социалдык-экономикалык, гуманитардык багыттарда терең билим алып чыгышат.

131Чет тилдер кафедрасында бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу жагына да көп көңүл бөлөт. Биздин адистиктин бүтүрүүчүлөрү областтын жана шаардын орто мектептеринде үзүрлүү иштеп жатышат. Талас областынын билим берүү мекемелеринде өтүлүүчү окуу жана педагогикалык практикалардын жүрүшүндө да бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусу белгиленет.

Мектеп жетекчилери, лицейлердин жана коллеждердин директорлору тарабынан бүтүрүүчүлөрдүн алган теориялык билимдеринин дурус экендиги айтылып келет. Айрым бүтүрүүчүлөрүбүз өз кесибин сүйүп, жашоодогу активдүү көз караштары  менен айырмаланып, «Жылдын мугалими» конкурстарына да катышып келет.

Бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү кафедра менен тыгыз байланышта болуп турат. Алар кафедранын окутуучулары менен бирдикте окуу-методикалык семинарларда чогуу болушат, ошондой эле мастер-класс өткөрүшөт, студент-практиканттарга жетекчилик кылышат, конференцияларга, ар кандай конкурстарга катышышат.

     Кафедранын илим-изилдөө багыты чет элдик жана улуттук окуу китептерди чет тилин окутууда эксперименталдык түрдө колдонуу.

 132Чет тилдер кафедрасынын КМШ өлкөлөрү жана чет өлкөдөгү университеттер менен ич ара кызматташтыгы жылдан-жылга артып баратат. Айталы, кафедра Бишкек шаарындагы К. Карасаев атындагы гуманитардык университет менен өтө тыгыз байланышта иш алып барат. Ж.Баласагын атындагы улуттук университет биздин студенттерге жана аспирант-окутуучуларга колдоо көрсөтөт. Ошондой эле КМШ өлкөлөрү жана чет өлкөдөгү университеттер менен өз ара кызматташып келебиз. Алсак, 2008-2009-окуу жылында окутуучу Г.Баялиева Эрасмус Мундус программасы боюнча Польша мамлекетинин Познань шаарындагы Адам Мицкевич атындагы университетте илимий жана билим берүү программасы боюнча стажировкада болуп келген. Ал эми окутуучу А.Мараяпова  «Fulbriht»билим берүү программасы боюнча АКШ мамлекетинин Нью-Йорк шаарындагы университетте, ТЕМПУС билим берүү программасынын негизинде Австрия өлкөсүндө стажировкада болуп келген. Ошондой эле ага окутуучу Т.Сакеев Эрасмус Мундус билим берүү программасынын негизинде Турция өлкөсүнүн Анадолу университетинин аспирантурасында, К.Кожокулова Польшада, окутуучу А.Баялиева  Испанияда, окутуучу Т.Сулайманова Польша өлкөлөрүндө стажировкада болуп келишкен. Кафедра башчысы Г.Сатаева Эрасмус Мундус программасынын негизинде Германия өлкөсүндө Жорж Август университетинде илимий-изилдөө ишин жүргүзүп, Германиядан изилдеп-таап келген материалдардын негизинде “Айтматов таануу Германияда” деген темада диссертациялык ишин ийгиликтүү коргоду.

      Ал эми Үмөталиева Жылдыз, Норузбаева Мунира, Жуманалиева Чолпон, Жунусова Хакима, Асанова Жылдыз, Пак Марина, Сейитказиева Айгүл, Кожокулова Карина, Улушбекова Айзат, Турсуналиева Айнура ж.б. студенттер Испания, Польша, Чехия өлкөлөрүндө жогоруда аталган программалардын негизинде окуп, билим алып келишкен.

      Чет тилдер кафедрасынын окуу-лабораториялык базасында 4 аудитория, 1 лингафондук кабинет, 1 билим берүү ресурстук “Америка ордосу” борбору, 1 усулдук кабинет бар. Билим берүү ресурстук “Америка ордосу” борбордун негизги максаты — окуу процессин уюштуруу жана чет тилин терең үйрөтүүдө шарт түзүп берүү. Компьютердик ресурстук борбор студенттерди Интернет менен камсыз кылып, окуу-усулдук жана илим-изилдөө иштерине жардам берет. Студенттер Интернет булагынан электрондук сөздүктөрдү, чет тили боюнча окуу программаларын, чет тили боюнча тесттердин түрлөрүн жана башка өздөрүнүн адистигине байланыштуу пайдалуу маалыматтарды алышат.

02 01

03

Прокрутить вверх