Орус тили жана адабияты кафедрасы


117Душеева 
Гулбайра Азрановна

кафедранын башчысыпедагогика илимдеринин кандидаты,

доценттин милдетин аткаруучу

Орус тили жана адабияты кафедрасы Талас мамлекеттик университетинин  орус тили жана адабияты багыты боюнча негизги билим берүүчү бөлүмү болуп эсептелинет. Орус тили жана адабияты кафедрасы ТалМУнун окумуштуулар кеңешинин 2001-жылы 28-августтагы №68 чечими менен гуманитардык факультеттин курамында уюшулган.

Аталган кафедра уюшулган күндөн тартып студенттерди адистикке даярдоодо жогорку илимий-педагогикалык иш-тажрыйбалардын негизинде билим берип келе жатат. Мейли, окуу-методикалык иштерде болсун, мейли, тарбиялык иштерде болсун кафедранын окутуучулары чыгармачылык менен иш жүргүзүп келет. Профессионалдык билим берүү программасы боюнча 5 жылдык нормативдик мөөнөттүн негизинде бүтүрүүчүгө 540300 — «орус тили жана адабияты мугалими» жана 4 жылдык нормативдик мөөнөттүн негизинде 550300 — “орус тили жана адабияты мугалими” деген квалификация ыйгарылат.

Орус тили жана адабияты кафедрасында 2 аудитория, 1 орус тили борбору, 1 усулдук кабинети бекитилген. Булар орус тили жана адабияты кафедрасынын ички материалдык-техникалык базасын түзөт. Жаңы компьютерлер менен жабдылган ресурстук класстар студенттерге илим-изилдөө жана окуу-усулдук багыттагы иштерине жардам берет.

119     Орус тили жана адабияты кафедрасы 5 жылдык окуу планы боюнча 540300 багытындагы жогорку билимдүү адистерди даярдайт. Бул адистикти бүтүргөн студенттер жогорку окуу жайларында, орто окуу жайларында жана  мектептерде орус тили жана адабиятынан мугалим болуп иштей алышат. Ал эми 4 жылдык окуу планы боюнча 550300 багытындагы академиялык бакалавр даражасындагы адистерди даярдайт. Бул адистикти бүткөн студенттер орто окуу жайларда, орто мектептерде иштей алат жана билимин андан ары магистратурада уланта алышат. Атайын иштеп чыгарылган улуттук жана чет элдик методикалар аркылуу студенттер орус тил илими боюнча: фонетика , грамматика, лексикология, стилистика бөлүмдөрү жана педагогикалык-гуманитардык багытта терең билим алып чыгышат. Мындан тышкары окуу методикалык планга ылайык орус адабияты окутулуп, студенттердин  билимге болгон кызыгуусун жогорулатат. Студенттер орус адабиятынан орус элине тиешелүү маанилүү факторлорду чагылдырган алардын маданияты, философиясы, дини жөнүндө маалымат алат.

Орус тили жана адабияты кафедрасында 7 окутуучу, анын ичинде 3 педагогика илимдеринин кандидаты, 1 ага окутуучу, 2 окутуучу жана методист  эмгектенет. Кафедра түзүлгөн жылдан тартып  илим-изилдөө иштеринин жыйынтыгы  боюнча окутуучулар тарабынан 32 методикалык көрсөтмө,76 макала жарык көргөн.

118Орус тили жана маданияты борбору (ОТМБ) Талас мамлекеттик универитетинин гуманитардык факультетинде 2006-жылы  ачылган. Ошондон бери 2001-жылы түзүлгөн орус тили жана адабияты кафедрасы тарабынан негизделген окуу-методикалык, тарбиялык иштерди улантып жүргүзүп келет. 2016-жылы орус тилин чет тили катары окутуу боюнча ОТМБга 10 жыл толот. Ушул жылдардын аралыгында  Талас облусунун жана Талас шаарынын 200дөн ашуун студенттери орус тилин үйрөнүшүп, орус маданияты менен жакындан таанышып чыгышты. Алардын арасында жакынкы чет өлкөдөн келген студенттер да бар (Казахстан).

Орус тили жана маданияты борбору төмөнкү кызматтарды көрсөтө алат:

— курстук окутуу бөлүмү – орус тилин чет тили катары окутуу курсу;

— орус тилин чет тили катары окутуудагы тестирлөөгө даярдоо, орус тилин өздөштуруу деңгээлин аныктоо;

— Талас облусунун орус тили жана адабияты мугалимдерине методикалык жардам көрсөтүү.

Прокрутить вверх