Эл аралык илимий-практикалык конференция

Түбөлүк чечилбеген улуу талаш,
Канткенде адам уулу адам болот,
Эзелтен чечилбеген улуу талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
                                                                  Ч. Айтматов

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», «Улуттук нарк жөнүндө», «Манас эпосунун училтиги ( «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана жайылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыктардын алкагында залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган «Манас жана Чыңгыз: улуттук нарк-насил, элдик таалим-тарбия жана ааламдашуу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция 12-майда К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында болуп өттү.
Конференцияга өнөктөш катары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Талас шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясы, В. М. Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университети, Туркиянын илим изилдөө, маданият жана тилектештик коому, Эрзинжан Биналы Йылдырым университети, Бухара мамлекеттик университети, Наманган мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университеттери онлайн жана офлайн формасында катышышты.
Уюштуруу тобу конференцияга келген конокторду Кыргыз улуттук «Манас ордо» комплексинен күтүп алышып, ишти зыярат кылуу менен башташты.
Конференцияны Талас мамлекеттик университетинин ректорунун мил. ат., ф.и.д. проф.Жумалиев Самат Субанкулович ачты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дарданов Нурлан Камалбекович куттуктоосун билдирүү менен Айтматовдун чыгармачылыгына токтолуп,конференциянын ишине ийгилик каалады.
Коомдук ишмер, окумуштуу Айтматова Розетта Төрөкуловна жазуучу тууралуу кызыктуу фактыларды айтып, 95 жылдык мааракеге карата уюштурулган конференциянын уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирди.
Андан соң пленардык отурумда

  1. Акматалиев Абдылдажан Амантурович — КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик — «Манас» эпосу жана Чыңгыз Айтматов — кыргыз элинин улуттук мурасы»;
  2. Кадырманбетова Айнура Кумоновна ф.и.д, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Айтматов борборунун жетектөөчү илимий кызматкери — «Мезгилдин актуалдуу проблемалары Ч. Айтматовдун чыгармаларында»;
  3. Жунусалиева Кундуз Тотоновна — ф.и.к, доцент, ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору «Аалам жылдызы Ч. Айтматов — кыргыз элинин көөнөргүс байлыгы» деген темадагы баяндамалар окулду.
    Конференция 6 багытта иш жүргүзүп, жакшы мазмундуу жазылган макалалар белгиленип,ар бир катышуучуларга сертификат тапшырылды, резолюция окулуп, ой-пикир,сунуштарды угуу менен кабыл алынды.
    Жыйынтыгында, Акматалиев Абдылдажан Амантурович уюштуруучуларга ыраазычылык билдирүү менен Ч. Айтматовго арналган иш-чара биринчилерден болуп «Туулган жердин топурагы алтын» — дегендей , Талас жергесинен башталып жатышы символикалуу, бизди кубандырат, ошондуктан бул жөрөлгөнү улантып кийинки конференцияны Ош мамлекеттик университетинен күтөлү деген тилегин билдирди.
    ТалМУнун жамааты эстафетаны ОшМУга узатты. Конференция жыйынтыкталып,келген коноктор жазуучунун киндик кан тамган жери Шекерде болушуп, музейи менен таанышышты.
    Тосуп алган музейдин кызматкерлерине жана Шекер айыл өкмөтүнө чон ыраазычылык билдиребиз.
Прокрутить вверх