2-октябрда ТалМУнун студенттери жалпы жыйын өткөрдү

2-октябрда  ТалМУнун студенттеринин жалпы жыйыны өткөрүлүп, студенттик  парламенттин  жаны  курамы  шайланып, жаштар борборунун ишмердүүлүгү, студенттик долбоорлор, “Студенттердин адеп кодекси”, студенттердин  катышуу, жетишүү  маселелери   каралып  талкууланды. Жыйынды ТалМУнун мамлекеттик  тил боюнча проректору  С.С.Жумалиев алып барып, ага  гуманитардык  факультеттин  деканы  Ж.К.Абдиева, колледждин  директору  К.Т.Шамуратов, технология-экономика факультетинин  деканынын  милдетин аткаруучу  А.О.Курманалиева, кафедра башчысы  И.А.Рыскулбеков, жаштар  борборунун  жетекчиси А.Т.Жекшенбеков, студенттик  парламенттин төрагасы  М.Т.Токтобеков жана торт структуранын студенттери  менен  кураторлору  катышышты.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*