ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМ – ӨЛКӨ КООПСУЗДУГУНУН КОРКУНУЧУ

23-майда ТалМУда “Диний экстремизм жана терроризм – мамлекеттик жана диний коопсуздуктун коркунучу” аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго “Дин, укук, саясат” аналитикалык-изилдөө борборунун Таластагы филиалынын жетекчиси Кулубаев Кемелбек, Талас шаарындагы балдар медресесинин директору Сагынбаев Медеражы, Талас шаарынын борбордук мечитинин имамы Сыдыков Касым, “Дил Мүрөк” коомдук бирикмесинин аймактык башчысы Мамазалиев Нуржан, Талас шаарынын баш имам хатиби Бешкемпиров Алтынбек, Талас областынын Ички иштер башкармалыгынын “Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын” өкүлү М.К Каратаев жана тиешелүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты. Диний экстремизм жана терроризмдин өлкө коопсуздугунун жана диний коопсуздуктун, же салттуу исламдын коркунучуна алып келген тенденцияларына талдоо жүргүзүлүп, бүгүнкү күндөгү радикалдык-экстремистик уюмдардын, айрыкча секталардын ишмердүүлүк маселелери боюнча конструктивдүү формада пикир алышуу болуп, студенттер кеңири маалымат ала алышты. Тегерек столдун соңунда мындай түшүндүрүү, алдын-алуу иш-чараларын тиешелүү кызматтар менен биргелешип байма-бай өткөрүп туруу жагы макулдашылды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*